Учкун айылында 2016-жылы мектепке кичи футбол аянтчасы курулат. Бул кичи футболдук аянтчаны айылдагы депутаттар долбоор жазып, утуп алышкан. Азыркы учурда курууга камынып жаткан учурлары.
Аталган аянтчаны кышында долбоор жазышкан жана долбоору эми келип куруга камынып жаткан учуру. Бул турасында Кубанычбек Ибраимов мындайча баяндады:
«Биз бул долбоорду кышында январь айларында жазганбыз. Бул долбоорду «Aric» каржылайт. Негизи жалпы суммасы 1 000 000го жакын каралып жатат. Биз өткөндө жыйналыш кылып, 77-жылкы балдардан 89-жылкы балдарга чейин 500 сомдон чогултабыз дедик. Азыркы учурда биз акчаны чогултуп берсек эле иштеп баштайбыз»,-дейт ал.
Кээ бир бүтүрүүчүлөрдун айтымында спорт аянтча эртерээк курулса жакшы болоорун, себеби алар 11классты бүтуп, ойнобой калабыз деп белгилеп өтүштү.
Бул туурасында ата-эне Базира Кулумбаева төмөнкүлөрду айтып өттү.
«Андай нерселер көп курула берсин, бул нерселер балдарыбыздын келечегине чон таасир этет. Балдарыбыз ырас баткакта ойнобой жапжашыл болгон аянтчада ойноп калышат деген ойдомун. Буюрса Учкун айылыбызда көптөгөн аянтчалар көбөйө берсин»,-деди.
10жылдыктар спорт залды оңдоодон өткөрүшсө, 88чи жылкылар кичи футболдук аянтчаны кургана жатышат.
Даярдаган: Бермет Шарип кызы
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн