Биз Учкун айылдык китепканадан айыл тургундары качан китеп алып окугандыгына кызыгып сурамжылоо жүргүздук. Сиз акыркы жолу айылдык китепканадан качан китеп алып окугансыз? Китеп алып окуган болсо, китепкананын абалы жагабы? Эгер окубаса эмне себептен? деген суроолорго жооп алып көрдүк.
Айыл тургундарынын жооптору төмөнкүдөй болду:
Майрам Жусупова: Мен Учкун айылдык китепканадан китеп алып окуй элекмин. Азыркы абалы кандай экенинен кабарым жок. Китепкананын кайда жайгашканын деле билбейт экенмин.
Таалайкүл Казиева: Менин айылдык китепканадан китеп алганыма көп болду. Мурда окучу элем. Азыр үй шартына байланыштуу китеп окуй элекмин. Ал эми китепкананын абалы анча канааттандырбайт.
Бекмырзы Аскер уулу: Мен кышында китеп алганы китепканага баргам. Бирок мен издеген китепбимди таба алган эмесмин. Андыктан башка көркөм чыгармалардан окуюн деп, ал китептен башкасын алган элем. Биздин китепканадан каалаган китебиңди таба албайсың. Китептер дагы келсе жакшы болмок.
Арген Бердибеков: Мен айылдык китепканадан көптөн бери китеп албайм. Мектептин китепканасынан эле алып окуйм. Жакында эле мектептин китепканасынан Мукай Элебаевдин “Узак жол” деген чыгармасын алып окудум.
Базира Кулумбаева: Мен үй шартына байланыштуу китеп алып окуй элекмин. Балдарым ушул май айында китеп алып келип окуду. Китептери деле эски, китепкананын абалы начар деп айтып келишет. Мени деле купулума толбойт азыркы абалы. Жаңы китептерди алып келип турса жакшы болмок
Гүлсүнбүбү Жумагулова: Айылдык китепканага келе элегиме көп болду. Кыздарым эле алып келип калат ошондо эле окуп коём. Анан азыркы китепкананын абалы жакшы эле, жакшы иштетет. Бирок, биздин китепканага китептер аз бөлүнөт окшойт. Каалаган китептериңди таба албайсың.
Марипа Жусупова: Мен китеп ала элекмин. Азыркы абалы кандай экенин деле билбейм негизи. Кээде кошуналардан китепканага жаңы китептер келиптир деп угуп калам. Кызыгып келип карабайм деле. Анан иштегени жакшы эле иштейт го. Өтүп баратып китепкананын ачык турганын көрүп калам.
Даярдаган: Амангелди Темир уулу.
Редактор: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн