“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: 1-июнь “Балдар” күнүнө карата бала бакчада майрамдык иш чара өттү

31 Май 2016 жыл 19:14
Көрүүлөрдүн саны: 198

Учкун айылынын “Раушан” балдар бакчасында “Балдарды коргоо” күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Бул иш чара быйыл жетинчи жылы өткөрүлүп, жалпы 75 бала жана ата-энелер катышкан. Айыл өкмөтү тарабынан болсо бекер бал муздак таратылды.

“Раушан” балдар бакчасы мындай майрамдык кечени жети жылдан бери уюштуруп келе жатат. Ал эми быйылкы жылдын өзгөчөлүгү мындан 20 жыл мурун ачылган “Астра” балдар бакчасынын кызматкерледир да чакырышкан. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Таалайкүл Мамырбаева төмөнкүлөрдү белгиледи:

Изображение 062 Изображение 061

“Биз бала бакчада майрамдык кечени жети жылдан бери уюштуруп келе жатабыз. Ал эми майрамга 75 тарбиялануучу жана ата энелери катышты. Анан бул жылы башка жылдан айырмасы мындан мунун түзүлүп, 20 жылдай жабылып калган “Астра” балдар бакчасынын тарбиячыларын да чакырдык. Ал бала бакча биздин тарыхыбыз болуп эсептелет”,- дейт бала бакча жетекчиси.

Изображение 119

Ал эми айыл башчы Максат Кулмамбетов:” Айыл өкмөтү тарабынан балдарга бекер бал муздак таратуу иш чарасы 2013-жылдан бери уланып келет. Негизи эки айылга 500 балмуздак берилет. Ал балмуздактарды айылдар өз ара 250дөн бөлүп алышат. Бөлүп алгандак кийин ушинтип балдарга жакшы маанай тартуулоо үчүн таратып беребиз”,- дейт

Изображение 127

Майрамдык иш чарага балдар бир айдай даярданган. Балдар жаттап келген ырларын окушуп, ыр ырдап, ар түрдүү бийлерди бийлешти. Ал эми ата энелер да ыраазы болгонун белгилешти.

Изображение 097

“Бала бакчада менин балдарым тарбияланат. Анан бүгүн уюштурган майрамдык кечеге баламдын талантын көрөйүн деп келдим. Балдар бул майрамга бир айдай даярданды. Бүгүн болсо бийлеп, ырдап биздин көңүлүбүздү көтөрдү”,- дейт Нурайым Максүтова.

Изображение 111

Балдардан майрамына күбө болгон ата энелер ыраазы болду. Бирок, 250 бал муздак айылдын жалпы жаш балдарына жетпейт. Ошол себептен айрым ата энелер кабатыр болуууда. Алар: “Ар бир бала бал муздак жеп, биздей укуктарга ээ го”, -деп айтышууда.

Даярдаган: Темирлан Тоюнбек уулу

Редактор: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн