Учкун айылынын «Раушан» бала бакчасынын «Ак шоола» тайпасынын тарбиялануучусу 6 жашар Асема Бейшенбекова областтык сынакка жолдомо алды. Аталган сынак «Тарыхый инсандарыбызды даңазалап, тарбиялык иштерибизди жакшыртабыз» деп аталып, республикабыздагы бала бакчалардан арасында өтүп жатат.
Алгач Асема сынактын өрөөндүк, райондук тепкичтерин багынткан. Райондук сынакта Самара Каримованын аткаруусундагы «Сагынганда атамды» деген чыгармасын аткарып, 1-орунга ээ болгон.

«Мен конкурска катыштым, мага абдан жакты. Мен ал жактан «Сагынганда атамды» деген ырды ырдадым. Эми дагы сынакка барам»,- дейт Асема Бейшенбекова.

Ал эми Асеманын үй-бүлөсү дагы колдоп, ар бир сынакка кийимдерди тиктирип, өздөрү алып барып жатканын белгилешти.
«Бул сынак «Тарых жана маданият» жылына карата бала бакчалардын арасында өтүп жатат. Кызым болсо ырдап өрөөндүк, райондук баскычтарды багынтып, областка жолдомо алды. Ар бир барган жерине кийимдерди тиктирип, колдоп алып барып келип жатабыз»,- дейт чоң апасы Гүлмира Имакеева.

Асеманын ийгилигине бала бакчанын жамааты да кубанып, Асемага көмөктөшүп жатканын белгилешти. Тарбиячы Сайкал Абдыразакова: “Асемага музыкадан мен сабак берем. Сабактан эле баардык балдардан уккулуктуу үнү менен өзгөчөлөнүп турат. Жакшы да ырдайт. Ушул сыйлыгы биздин да сыймык эмеспи. Биз да колдоо көргөзүп, даярдап жатабыз”,- деп белгиледи.

Белгилей кетчү нерсе бул сынакка тарбиячылар да катышып, Сайкал Абдыразакова эже да областтык сынакка жолдомо алган.
Даярдаган: Азиз Таалайбеков
Редактор: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн