Нарын районунун Учкун айылында кыркыт пунктун уюштуруу, жайыт маселеси, кичи футбол аянтчасынын долбоору тууралуу жалпы жыйнылыш болду. Аталган жыйналышка болгону 15 тей эле адам катышып, административдик комиссиянын жобосу тууралуу талаш-тартыштар да болду.

Эң негизи маселе болгон кыркын пунктун Тегерек-Кырчын жайлоосуна уюштуруп, койлорду 30 сомдон кыркышмай болду. Ал эми ARIS программасынын кичи футбол аянтчасын куруу боюнча да 250 миң сом өздүк салымды чогултуу үчүн кварталга бөлгөндүгүн белгиледи жайыт комитетинен.

“Биз кыркын пунктун Тегерек-Кырчын жайлоосуна уюштурдук, койлорду болсо 30 сомдон кыркышмай болду. Ал эми элдер өздөрү каалап кыркын пунктуна барбаса биз аларды мажбурлай албайбыз. Дагы ARIS программасынын кичи футбол аянтчасын куруу боюнча да 250 миң сом өздүк салымды чогултуу үчүн кварталга бөлдүк”,-дейт жайыт комитетинин төрагасы Бекжан Оторов.

Дагы талаш болгон маселе Административдик комиссиянын жобосу болду. Себеби айрым адамдар комиссиянын жобосун билбесе, айрымдары эски жобого таянып, талаш-тартыш болду. Ошол себептенайыл башчы Административдик Комиссиянын жобосун кийинки сессияда кабыл алуу керек экенин белгиледи.

“Бизде талаш болгон маселе Административдик Комиссиясынын жобосу болду. Биз антип талаш-тартыш уюштурбай кийинки сессияда ошол жобону бекители деп чечтик”,- дейт Максат Кулмамбетов.

Жалпы жыйналышка катышкан Шамурзаев Сүйүнбек бул жыйналышка өтө аз киши катышып, жыйналыш деле өз максатына жетпей калгандай болду деп билдирди.
“Бүгүн каралган маселелер чечилди, бирок аягына чейин жеткендей болбой калды. Өзүңөр көргөндөй киши өтө аз. Болгону 15 тей эле киши келди. Ушул айылыбыздым маселесине жакшы эле көңүл бөлсө болмок”,- дейт Шамурзаев.

Быйыл койлорду 30 сомдон кыркса, былтыр да ушул эле баа менен кырккан. Кыркын пунктун уюштуруу менен айылдагы 5-6 адамдыаз убакыт болсо да иш орду менен камсыз кылдык деп белгилиеди жайыт комитети.

Даярдаган: Бекмырзы Аскер уулу
Редактор:Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн.