“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: «Балдарды коргоо» күнүнө карата бекер балмуздак таратылды

1 Июнь 2016 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны: 249

Учкун айылда 1-июнь «Балдарды коргоо» күнүнө карата 1-класстан 5-класска чейинки окуучуларга бекер балмуздак таратылды. Бирок, ал жерге болжол менен 100дөн ашык бала барган. Бул иш чара Айыл өкмөтү тарабынан уюштурулду.

Аталган иш чара Айыл өкмөтү тарабынан 2013-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. 500 балмуздакты эки айыл бөлүп алышат. Жалпы Учкун айылынын балдары үчүн 250 болмуздак бөлүнгөн. Ал эми кечээ болсо бала бакчадагылар үчүн уюштургандыгын айыл башчысы белгиледи.

DSC01398 DSC01402
DSC01397

“Бул ишчара 2013-жылдан бери белгиленип келе жатат. Жалпы эки айыл үчүн 500 балмуздак каралган болсо Учкун айылына 250 балмуздак бөлүндү. Кечээ болсо “Раушан” балдар бакчасына бекер балмуздак таратып бергенбиз. Ушул айылдын жалпы балдарын 1-июнь “Балдарды коргоо” күнү менен куттуктайм”,-дейт айыл башча Максат Кулмамбетов.

DSC01395

Бул иш чараны уюштурууга мектеп жааматы да көмөктөштү. Алар балдарды мектептин алдына чакырышкан. Келген майрам ээлерине мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Мурат Сыдыков каалоосун айтып, майрамы менен куттуктады.

“Урматтту балдар, силерди бүгүнкү майрамыңар менен куттуктайм. Силер келечектин ээлерисиңер. Келечекте мекенге кызмат кылган инсандардан болгула. Ал үчүн талыбаган эмгек, акылмандуулук керек. Ошол себептен окууларыңарды жакшо окугула демекчимин”,- деп куттуктады Мурат Сыдыков.

DSC01393

Бекер балмуздак таратуу жаш балдарга да жаккан. Окуучулар бүгүнкү майрамдык белек өзгөчө болуп, аларды кубанткандарын белгилешти.

“Мага бул иш чара жакты. Бекер балмуздак таратып, биздин бүгүнкү майрамда абдан кубандырып койду. Келерки жылы да бөбөктөрдүн кубанычына кубаныч кошуп мындан да жакшы уюштурат деген ишеничтемин”,-дейт Гүлзар Мукамбет кызы.

DSC01404

Бирок, айрым окуучулар былтыркы жылкыга караганда быйыл начар болуп калганын белгилешти. Себеби былтыркы жылы майрамдык кече уюштуруп, ырлар ырдалып, бий бийлеп шаңдуу болгон дешет.
Даярдаган: Сыймык Алтынбек уулу
Редактор: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн