“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылына айдалган алма бак жана теректер уурдалууда

2 Июнь 2016 жыл 17:32
Көрүүлөрдүн саны: 227

Учкун айылына былты айдалган 78 түп алма бак уурдалып жатат деген билдирүүлөр түшкөн. Азыр ал алма бактын жарымынан көбү өсүп жатат. Айыл өкмөтүнүн айтымында атлган бакчадан бир да алма уурдалган эмес.

Учкун айылынын тургундарынын маалыматына таянсак былтыр айдалган алмалардын көпчүлүгү уурдалып жатат. Ал эми былтыр паркка 78 түп алма, маданият үчүнүн тегерегине 30дан ашуун алма айдалган. Быйылкы жылы атлган алманын жарымынан көбү өсүүдө.

Изображение 012 Айыл тургуну Майрамбүбү Бокбаева алмалардын айрымдары өсүп айрымдары куурап калганын, маданият үйүнүн жана парктагы айрым алма түптөрү ордунан суурулуп же казып кеткен сыяктуу бутагынан бер жок экенин белгиледи.

Изображение 007

“Алма айдалганы жакшы. Бирок алардын айрымдары өспөй калыптыр. Мына маданият үйүнүн айланасына айдалган алма бактары түбү менен жок. Ал эми көпчүлүгү өсүп жатканын көрүп турабыз”,- дейт айыл тургуну Майрамбүбү эже

 

Учкун айылынын айыл башчысы Максат Кулмамбетов жалпы айдалган алма бактарынын баары өсүп жатканын, жана уурдалды деген бир да учур катталбаганын белгиледи.

«Былтыр 78 түп алма айдалган. Быйыл баары тең эле өсүп жатат. Уурдалып жатат деген маалыматты уга элекмин, уурдалышы деле мүмкүн эмес. Себеби ошол жерде кароолчулар бар»,- дейт Кулмамбетов

Изображение 004 Изображение 102

Ал эми аталган бакчанын өсүүсү боюнча кароолчулардын бири Гүлсүнбүбү Жумагулова: «Биз ошол жерде кароолчу болуп иштейбиз. Былтыркы айдалган 78 түп алмадан жарымы өсуп жатат. Уурдалган деле учурлар катталган жок. Ал эми өспөй калган алмалардын себеби, суу жетпей же көчөттөр начар болуп калган»,- дейт.

Изображение 018

Алма бактын тегерегин тосуу үчүн акча бөлүнүп, тор алынган. Ал эми кароолчулардан ошол жерде жашаган жети адам шайланган. Кароолчулар үчүн маяна төлөнбөйт. Ошондой болсо да былтыркы жылы ун, май менен камсыз болгонун белгилейт Айыл башчы.

Белгилей кетсек быйылкы жылы мектептин бакчасына айдалган 21 түп алманын 5тей түбүн уурдап кетишкен.

Даярдаган: Бүбүсина Нурбекова

Редактор: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн