“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Тынбай жааган жамгырдан улам алыштагы суу токтоп жатат

4 Июнь 2016 жыл 18:55
Көрүүлөрдүн саны: 195

Учкун айылына көп күн жамгыр жааганына байланыштуу алышка келчү суу топтоло турган жерди кыян алып кеткен. Бакчаларды сугара турчу суу 600 түтүн айыл тургундарын камсыз кылат. Аталган суунун топтолчу жерин оңдоо үчүн болжол менен 100миң сом каражат кетет.

Суу топтоло турган жер көп жылдан бери айыл тургундарынын күчү менен тосулуп келген. Ал жерди оңдоо үчүн каражат керек. Бирок андай каражат Айыл Өкмөтүндө жок экенин, ал эми тургундардан чогултулган каражаттар алыштарды оңдоо, суу бөлүштүрчү адамдардын айлыгына кете турганын билдирди айыл тургуну.

“Биз жаз келээри менен суу топтолчу жерди элдин күчү менен дамбалап, тосуп колдонуп келебиз. Быйыл болсо жамгыр көп жаап кыян тоскон тосмолорду жууп кетиптир. Бирок, бир сугатты өткөзүп алдык. Аны оңдоо үчүн каражат керек. А андай каражат биздин айыл өкмөтүндө жокко эсе”,- дейт айыл башча Максат Кулмамбетов.


Ал эми элди чогултуу, алыштарды тазалоо суу башынын милдети. Суу башы Темиркан Болотбеков көп жылдан бери иштеп келет. Ар бир жылы жаз айында тосмону эл менен бирге тосот. Ал эми анан айтымында тосмону оңдотууга 100 миң сомдой каражат кетет.


“Мен суу башы болгондон баштап эле ушул көйгөй бар бочу. Ар жылы жазында мүшөк, каптарды алып тосмону тособуз. Жылда жакшы эле болчу. Быйыл болсо жаан көп жаап, кыян тосмону агызып кетти. Аны оңдош үчүн 100 миң сом кетет ко. Ошол боюнча проект жазайын дегем. Эми жазабыз го”,- дейт суу башы.


Быйылкы тосмону жаз менен тоскондон улум эл бир сугаитан өткөн. Бирок айрым адамдар тагы деле айдоолорун бүтө элек. Же айдаган жер жемиштерин сугара албай убура болушууда.
“Бизге суу жетпегенден улам айрым адамдар айдоо айдайц албай же болбосо жер жемиштерди сугара албай суу ташып куюп убара болуп жатабыз. Дагы жакшы жазында эрте алыштарды тазалап, тосмону тасконбуз. Ошол менен биринчи сугаттан өттүк”,- дейт Матан Жусупов.


Даярдаган: Темирлан Тоюнбек уулу
Редактор: Найзабек Мукамбет уулу.
Сынак үчүн