“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Айылдын көчө чырактары эми оңдоло баштайт

8 Июнь 2016 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны: 84

Учкун айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көчө чырактар иштебейт, караңгыда баскандан коркобуз дешти. Бул  туурасында айыл башчы менен маек курганыбызда ал көбү эле оң, арасында оңдолбогондору да бар экендигин жана алар жакында оңдолуп ишке берилээрин айтып өттү.

Айыл башчы Максат Кулманбетов менен маек.

-Саламатсызбы? Биз айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбуздө көчө чырактары иштебейт дешти буга сиздин кандай карайсыз?

IMG_0508

-Негизи биздин айыл Көк-Жар жана Учкун болуп бөлүнүп турат эмеспи анан Көк-Жарда бардык көчө жарыктары күйөт. Ал эми Учкунда деле бардыгы күйчү эле бирок эскилиги жеткенидигине бйланыштуу көбү иштебей калды.

-Мурун биздин айылда көчө чырактары болгонбу?

Илгери бардык жерлерде текши бар болчу канчанчы жылдар экенин билбейм  бирок ортодон жараксыз болуп калды. Ошол себептен улам болжол менен 2011-жылдан баштап, көчөлөрдүн чекелерине чырактар уламдан-улам жаңыртылып коюлуп баштады.

-Аларга эмне болду?

-Азыр эми алардын абалы орто өтө жакшы эмес аябай начар эмес. Көк-Жардыкы  бир эле жарыгы калып калгандары иштен чыгып калган экен лампочкалары анан жазында бул жерде запас бар болчу, мурда алып барып алмаштыргам март айларында. Жакында эле Учкундуку күйбөй калыптыр себеби провотторунан кетсе керек. Аны да жакында оңдотом буюрса.

-Эми дагы орнотулабы?

-Ремонт эми чукул арада. Ушул бир жуманын тегерегинде бюурса. Мантер балабыздын да колу бошобой жатат. Эми мунун дагы башына чейинки чыгып барыш азап да ушул кыйынчылык жаратып жатат. Эми буга атайын техникасы болот, ошол менен көтөрүп барып анан чыгып жазаш керек да. Эми биз тобокелге салып эле монтер асылып эле эптеп аракет кылып, оңдоп атат да бул жагынан да кыйынчылык бар бизде.

-Оңдогоно канча каражат кетет?

Каражаты так эмес, негизи лампочка эле алмаштырылат башкасы жакшы эле. Провотторун текшерип эле күйүп кеткендери болсо алмштырабыз.

-Каражатты кайдан аласыздар?

Айыл өкмөттөн бөлүнөт, мунун энергиясына да лампочкалрга да акчаны айыл өкмөт төлөйт. Жазында бюджет бекиген бирок ал көптөн кийин котрулат. Эми аякка деле карабайбыз кечигип бара жатса өзүбүздүн чөнтөгүбүздө чыгарабыз.

Маегиңизге чон рахмат!

Даярдаган: Нурзада Алманбет кызы

Редактору: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн