“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сурамжылоо: Учкун айылынын тургундарын көчө чырактары канааттандырабы?

9 Июнь 2016 жыл 11:05
Көрүүлөрдүн саны: 110

Биз Учкун айылындагы көчө чырактары боюнча айыл өкмөттөн интервю алганыбызда «көчө чырактарынын көбү күйөт» деп маалымдаган. Бул туурасында айыл тургундарынан сизди көчө чырактары канааттандырабы? эгер канааттандырбаса эмне үчүн деген суроолорду берип сурамжылоо кылдык. 

Айыл тургундарынын жооптору төмөнкүчө болду:

IMG_1346
Дүйшөгүл Баялиева: Көчө чырактары мени канааттандырбайт, себеби караңгыда алар күйбөйт, караңгыда баскандан да коркуп эшикке көп деле чыкпайбыз.

IMG_1344

Майрамкүл Мамекова: Өзгөчө Орозо маалында көчө чырактары керек болот себеби түнкүсүн ооз ачканда орозокечтер түнкү саат 9-10 кереги тийет. Көчө чырактары коюлса жакшы болмок. Мени канааттандырбайт.

IMG_1343

Зарина Кайыпова: Мен көчөгө деле көп чыкпайм. Бирок көрүшүмчө чырактар такыр эле жок көп болсо 1-2си күйөт. Мурун советтер союзунда жаңы коюлган кез эле ошондо бардыга жаркырап сонун болуп күйүп турчу азыр анын бири да жок.

IMG_1349

Иличбек Айтматов: Көчө чырактары бизде жок деп деле айтсак болчудай да. Чырактарды жөн койбой жаш балдар талкалашып, мына минтип сынып, иштебей жатат. Ошолордун лампочкаларын алмаштырып коюшса жакшы болмок, караңгыда машинелер жүрөт, кокус кагылышып кетсе не болот мындай нерселерди алдын алуу кажет.

IMG_0294

Темирлан Тоюнбек уулу: Менин оюмча көбүн эле канааттандырбайт болсо керек. Көчөдө жарык болуп турганы эл жакшы да. Айыл башчы бул маселени эртерээк чечсе жакшы болмок.

IMG_1332

Замира Базарбаева: Менин оюмча көчөнүн бардык жеринде болбосо дагы эки көчөдө бирден жарык болсо да жакшы болмок.

Даярдаган: Нурзада Алманбет кызы

Редактору: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн