“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Айылга оорукана качан куруулаары белгисиз

9 Июнь 2016 жыл 10:06
Көрүүлөрдүн саны: 161

IMG_1341Учкун айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө  «биздин айылда оорукана курулса жакшы болмок, бул фаптан жатып даарылангана болбосун» тургундар айтып өтүштү. Бул туурасында фаптын дарыгер жетекчиси Замира Базарбаева менен маек курдук.

Саламатсызбы! Бул фап канчанчы жылы ишке берилген жана мурда биздин айылда оорукана бар болгонбу?

IMG_1332-Бул фап советтер союзунда эле менин билишимче 1970-жылдарда салынып, азыркыга чейин иштеп келет. Ошондо финский типте салынган ал кезде элдер ооруканага аздан келишчү, азыр элдин саны кыйла көбөйдү. Бул фелдишерлик-акушерлик дарыкана.

Жаңы оорукана куруп берүү максатында айыл өкмөт жана жогорку бийликтегилерге кайрылып көргөнсүзбү?

 —Негизи айыл өкмөт мындай мселелерди чечпейт. Жылына ремонтко деп акча бөлүнүп берилет, бирок мектеп менен садиктен ашпайт, бизге акча бериле элек. Жаңы оорукана куруу үчүн жогорку жактагылардын уруксааты керек. Алар менен кеңешип айылыбызда калктын саны өсүүдө деп кайрылсак болот. Эми бизде коңшу айыл куланак турбайбы ооруп калса ал жактагы койкага барып жатат дегендей маселеге туруп калып жатышат. Куланак менен Учкун бир айыл өкмөт болуп бекитилген, ошол үчүн Учкундуктар Куланакка барып эле дарыланса болот деп коюшат.?

-Эми баары бир Куланакка жакынсыңар деп оорукана маселесин карашпайт. Мурун Куланакта 25 койка бар эле азыр 15и калды.

Жашоо шартына байланыштуу ооруп калгандарга ренген болсо дагы айыл башчылар менен жыйналыш кылып. Ооруп калгандар болсо Нарынга барып барып-келиш жолун каржылоо максатында жыйналыш болгон, баары муну баары колдоп беришкен. Буюрса жакында бул ишибиз ишке ашат.

IMG_1336

Жаңы оорукана салуу үчүн канча акча каражат кетет?

-Аны куруу үчүн көп каражат кетет жана ал үчүн айтайын проектилер менен иштеш керек.

Качан салынат оорукана?

-Эми билбейм негизи салынып берилсе жакшы болмок.

Бул жака ооруп келгендер кайда барышат?

-Биз негизи оорулуларга кеңеш берип, даарыларды беребиз. Ооруп келгендер Куланакка барып текшерүүдөн өтүшөт же болбосо үйдө жатып даарыланышат.

Жаңы оорукана салуу үчүн канча акча каражат кетет?

-Аны куруу үчүн көп каражат кетет жана ал үчүн айтайын проектилер менен иштеш керек.

Маегиңизге чон рахмат!

Даярдаган: Жүрсүн Жолдубай кызы

Редактору: Жанара Аснкул кызы

Сынак үчүн