“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Футбол аянтчасын курууга элдик салым чогултуу жыйналышы болду

10 Июнь 2016 жыл 8:00
Көрүүлөрдүн саны: 153

IMG_1348Учкунда 9-июнь күнү жыйналыш  болду. Учкун айылы грант утуп алып, элдерди чогултуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга 250миң сом  керектелет, бул акча тургундардан чогултулат.

Жыйналышта ар бир түтүндөн 600сомдон чогултулат деп пландашкан. Бирок орто жашагандар бул акчаны бере алышпайт деп, ал чечимин өзгөртүшүп, жеткиликтүү жашаган айыл тургундарынан бул акчаны чогултмай болушту.

IMG_1349

Дыйкан-чарбасынын мүчөсү Иличбек Акматов: «Эл канча акча берсе ошону чогултабыз. Элдик салым төгүлөөрү менен эле аянтча курула баштайт. Бул ишти эл түшүнсө толук эле чогултуп берет деген ойдобуз. Жаштар комитети, өкмөттө иштеген балдар болуп чоогу иш алып барабыз»,-дейт ал.

Жыйналышат тургундар келишип, кээ бири балдар үчүн деп он миң, беш миң сомдон беребиз деп кетишти.

IMG_1360

Айыл тургуну Бейшегүл Өмүракунова: «Булардын акча чогултканы деле бир чети туура, балдардын келечеги үчүн. Азыр эми балдар үчүн акчабызды аябай колубуздан келгенин беребиз. Учкунда ушундай иштер жүрүп жатканы бизди абдан кубандырып жатат»,-деди.

IMG_1359

Айылда бай жашаган адамдардын тизмелерин тизишип, алардан үч миң, эки миң сомдон акча чогултулмай болушту.

Даярдаган: Нурай Алмазбек кызы

Редактору: Жанара Аснукл кызы

Сынак үчүн