“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Айылга кино келиш үчүн маданият үйү ыңгайлуу болуш керек

11 Июнь 2016 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны: 88

Нарны районуна караштуу Учкун айылына илгертен бери кино келе элек. Мунун себебин билүү үчүн маданият үйүнүн башчысы Мирлан Дүйшекээв менен маек курдук.

Саламатсызбы? Биз элдерден сурамжылоо кылып анкеталарды таратканбыз, ошонун негизинде тургундар «биздин айылга көптөн бери кино келе элкетигин» айтышты. Эмне себептен айылга кино келе элек?

IMG_1559

-Эми билбейм мен аны эмне үчүн келбейт.

Мурун биздин аайылга кино  келчү беле?

-Ооба мурун, канчанчы жылдары экени эсимде жок, толук билбейм. Анда-санда келип турчу, азыр келбейт.

DSC00348

Кино келиши үчүн үчүн кандай аракеттерди кылуу керек?

-Кино келиш үчүн биринчиден биздин маданият үйүбүздүн ичи жылуу, ыңгайлуу, элди жана айылга келген конокторду өзүнө тарта алган, ремонттон өткөн болсо келиши мүмкүн деп ойлойм.

Качан келет кино?

-Билбейм.

Маегиңизге чон рахмат!

Даярдаган: Нурзада Алманбет кызы

Редактору: Жанара Аснкул кызы

Сынак үчүн