“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын «Асанаалы» атындагы көчөсүнө шагыл төктүрүлдү

15 Июнь 2016 жыл 8:18
Көрүүлөрдүн саны: 142

20160605_185016

Учкун айылынын «Асанаалы» атындагы көчөсүнө балдарынын демилгеси менен шагыл төгүлдү. Болжолдуу камаз менен 25 ке жакын үймөк төгүлүп, 25миң сомдой каражат кеткен. Төгүлгөн шагылды көчө жашоочулары дагы жайып, түздөгөнгө көмөктөштү.

20160605_184326

 

Аталган көчөгө көптөн бери шагыл төгүлбөй келген. Ал эми шагыл төктүрүп жаткан Асанаалы атанын баласы Төрөбек Мүдүнов көп жылдардан бери оңолбой келген жолдорго шагыл төктүрүүгө канча каражат кеткенин төмөндөгүдөй белгилеп өттү.

 

«Бул жолдор көптөн бери оңдоло элек эле. Анан быйылкы жылы шагыл төктүрүп, бир чети элдин ыраазычылыгын алалы дедик. Жол оңдоо сооп иш дейт ко элибизде. Анан болжол менен бул жерге 25 үймөк төгүлүп, 25 миң сомдой каражат кетти»,- дейт Төрөбек Мүдүнов.

20160605_185109

Аталган көчөдө 25ке жакын түтүн эл жашайт. Алардын айрымдары шагылдарды тегиздөөгө жардам беришкен. Алардын бири Калыбек Жумаев: «Бул жакка шагыл төктүрүп жатканы жакшы. Анан биз да жашап жаткандан кийин жардам берелик дедик. Ушул көчөдөн биз эле басабыз да. Мындан кийин дагы жолго жакшы мамиле кылып,  таза кармайбыз»,- дейт

20160605_184301

Ал эми Асанаалы атанын кызы Майрамкүл Мүдүнованын айтымында акыркы жылдары айыл жолдору бир топ оңолуп, башка да көчөлөргө шагыл төктүрүлүп жатат. Бул жолу атасынын наамындагы көчөгө шагыл төктүрүлдү.

20160605_184423

» Бизидн айылдын жолдору мурдагыга караганда бир топ оңолуп калды. Көптөгөн көчөлөргө шагыл төктүрүлүп жатат. Бул жолу болсо атамдын наамындагы көчөгө шагыл төктүрдүк. Эл дагы жакшы түшүнүп, жолдорго таштанды төкпөй, жакшы карайт деген үмүттөмүн»,- дейт Мүдүнова.

IMG_0312

Шагыл төктүрүлүп жаткан көчөнүн айрым тургундары төгүлгөн шагылды үйлөрүнө аздан кийирип алган учурлар да кездешти. Бул ошол көчөдө жашаган айрым элдердин кайдыгер мамилеси катары баалады шагыл төктүрүп жаткан «Асанаалы» көчөсүнүн тургундары.

Даярдаган: Нурдин Токторбай уул

Редактор: Найзабек Мукамбетов

Сынак үчүн