Учкун айылын Э.Токсобаев орто мектебинде жыл сайын жазалуучу класстарды ремонттоо иштери жүрүп жатат. Ремонтко кеткен каражат жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турат, мектептеги 560 окуучуга 95 сомдон эсептегенде жалпы 53 миң 558 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Биздин мектеп жаңы болгондуктан аны ичи жалаң водоэмульсионка менен жазалат, азыр 164кг водосемка, ак сырдан 75кг, көк сырдан 64кг булар кезеги менен алынып келип турат.
Э. Токсобаев атындагы орто мектебинин чарбалык иштери боюнча директордун орун басары: Адилет Бейшениалиев: «Биздин көп каражатыбыз жаңы мектепке кетет, себеби жаңы болгондуктан сырлар, водоэмульсионка көп кетет, ал эми эски мектеп аки менен акиленип полдору эле сырдалат»,-дейт ал.
Кээ бир класстардын ата-энелери акча чогултуп өзүлөрү ремонттон өткөрүп жатышат.
Даярдаган: Жакшылык Мирбеков
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн