Биз ата-энелер жана окуучулардан “Балаңыз жайкы каникулда кайда барып эс алат? Эгер айылда эле болсо эмне үчүн” деген суроолорду узатып, сурамжылоо жүргүздүк.
Бактыгүл Султаналиева: 7 балам бар, алардын экөө тоого барып эс алып келишет, экөө үйдө, кыздарым болсо шаарга барып иштеп келишет. Бир балам тоого барып туугандарына жардам кылып, өзүнүн кийимин таап келет.
Таалай Салыкеев: Балам жана кызым болуп Нарындагы Салкын-Төргө барып эс алып келишет. Алар Нарында окуу башталганга чейин болуп, ал жактан эч кандай жумуш иштебей эле эс алып келишет.
Сезим Калыбек кызы: Мен быйылкы каникулда шаарга барып эс алууга аракет кылам, жайлоого болсо жакында барам. Шаарга “Орозо” бүткөндөн кийин барам. Шаарга барганда ата-энеме жардам кылып иштейм, Мисалы; кафеде ашпозчу болуп же тигүү цехинде иштейин деген оюм бар.
Дилзар Койгелдиева: Балдарымдын бири 8 класска көчөт буюрса башкалары садикте. Улуу балам азыр үйдө айылдагы чөп-чабыктар бүткөн соң, Ат-Башыга таятасыныкына барып, тоого чыгышат. Канча күн барышаары белгисиз. Андан сырткары балдарым жомок китептерди окушат, кино көрүшөт. Алар бакчадагы картошка казып, бакчадагы майда жумуштарды кылышат.
Бүбүсина Нурбек кызы: Орозо айы бүтсө Ысык-Көлгө барып 5-10 күн эс алып келем. Андан кийин Бишкекке барып эжемдердин үйлөнүү тоюна катышам. Бишкектен келгенден кийин айылда дүкөнүбүздө эле болом.
Сайнаке Моңошова: Неберелерим бар, бири нарындагы колледжде окуйт. Эми Бишкекке барып өзүнүн келечеги да анан иштейм деп жатат сентябрга чейин.
Баястан Жеңишбек уулу: Мен быйылкы каникулда жакында 2 жумага лагерге барам. Кайра келип үйдө эле болом.
Гүлзат Шамырканова: Азыр улуу кызым тоодо эс алып жатат. Келгенден кийин көлгө 1 жумадай барышат, үйдөн китеп окуп, үй жумушатрына жардам беришет. Ай, колдон келсе жанакы театрларга, циркке алып барсак ырас эле болмок бирок ага аракет кылабыз.
Бегимай Бекмурат кызы: Каникулда шаарга барып иштейм дага эс алам дагы. Жакында эле жайлоого барып келдик, эми буюрса шаарга баралы деп жатабыз үй-бүлөөбүз менен.
Даярдаган: Айдана Алмазбек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн