Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер жемиштердин кээ бири ото чөп басып такыр эле көрүнбөй калса, кээ биринин отолору жулунуп жакшы өсүүдө.
Негизи бул ишти мектеп администрациясы үстүртөн карап, класс жетекчи жана окуучуларын чогултуп кимге кайсы участок бөлүнсө ошону жулдурушу керек.
Бул туурсаында мектептеги директордун орун басары Мурат Сыдыков интервю берүүдөн баш тартты. Ал “Баары эле сонун өсүп жатат, жулунуп эле жатпайбы чөптөр, эми отолорду чаптырабыз да. Интервю бербейм, жаза бергиле”,-деген кыска жооп менен кетип калды.
Помидор, кауста, кызылча, чеснок, картошкалардын чөптөрү отолгон. Ал эми өйдө жактагы алма бак, өрүктөрдү ото басып узун чөптөрдөн улам алар деле көрүнбөй калган.
Каникулга тарай элек кезде окуучулар күнүгө барып суу куюп турушчу. Азыр окуучулардын көбү каникулга башка жактарга кетип жаткандыгынанбы жер-жемиштерди караган деле окуучулар жок.
Биз жемиштерди караган барганда 10 класстын окуучусу Сыймык Солдатбек уулу алма бактарын карап жүргөн экен. Анын айтымында “Биздин 2-3 алма багыбыз өсүп, 2-3ү өспөй калыптыр. Отолор да аябай басып кетиптир, жулуп коюш керек эле ”,-дейт Сыймык Слодатбек уулу.
Участокко жакын жашаган тургундар, окуучулар “бул туурасында интевю бербей эле коелучу, келип бизди урушушат да” деген жооп менен көбүнөн интервб ала албадык.
Даярдаган: Динис Жайлоо уулу
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн