“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылындагы уламышка бай Кош-Булак аттуу булак

27 Июнь 2016 жыл 12:16
Көрүүлөрдүн саны: 124

IMG_0161Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы булактардын бири Кош-Булак. Бул булактын келип чыгышын илгерки ата-бабаларыбыз ар кандайча айтып келишкен, мурунтан айтылган уламыштар азыркы күнгө чейин айтылып келет. Ошол уламыштарды көптөгөн айыл туругндары чын деп билишет экен. Биз булак туурасында айыл туругндардан сурап көрдүк.

IMG_0041

Токтогул Кадыркелов 78-жашта, ал уламыштарды, эпос, баяндарды көп билет. Көзү азис болсо да комузду жакшы чертет. Токтогул Кадыркелов Кош-Булактын келип чыгышы туурасында төмөнкүлөрдү айтып өттү.

“ Илгери 40 баатыр кыз болгон экен, алар жолдо келе жатышып калмактарга жолугуп алар менен көп күн согушуп калмактарды жеңишет. Андан ары кыздар 1-2 айдай жол жүргөндүктөн бир баатыр кыз жуунуп алайын деп жатканда бирөө жаа менен атат, айланасындагы 40 кыз башка жактарга эс алгана кетип калышат. Баягы баатыр кызды атканда ал эки колун жайып жерге кулап өлөт. Ошол жайган эки колунун эки жагынан булак чыгып баштаган. Мен бул уламышты илгерки карыган ата-апалардын 5-6нан уккам, ал кезде элдин баары ошондой деп айтышчу”,-деди.

IMG_0148

Биз жолдон баратып чоң тоонун үстүндөгү сайылган жалгыз таякты көрдүк. Токтогул атанын айтымында ошол баатыр кыздын сөөгү улук саналып тоонун башына коюлуптур.

IMG_0144

Биз ал тоонун башына чыга алган жокпуз,  сүрөткө тарткан эмеспиз себеби аны жөн эле сайылып турган таяк го деп алыстан кетип калганбыз. Таяк баатыр кыздын сөөгүнүн үстүнө сайылган экен.

Биология мугалими Мурат Сыдыковдун, айыл тургуну Таалайкүл Казиеванын ж.б  да ою Токтогул атаныкындай  эле айтып, эч айырмасы болгон жок.

IMG_0002

Согуштур ардагери, илгери балдарга сабак берген тарыхчы мугалим Дүйшөнаалы Макеналиев: “ Булак туурасында атаман укканымды айтып берейин; Мурун чоң-чоң болгон аска зоолор болгон, алардан кенедей тамчылар куралып отуруп, чоң булакка айланган деп айтылат”,-дейт ал.

IMG_0157

Тарыхчы мугалимдин айтымында бул булактын алдынан өткөн, ар бир киши сөзсүз куран окуп, булактын оозун тазалап, бети-колун жууп алып кетишчү экен.

IMG_0143

Айылда булак туурасында ар ким өзүнүн айткандарын туура деп эсептеп жатышты, көбүнүкү Токтогул Кадыркеловдукуна окшош болгондуктан жазган жокпуз. Учкун айылынын тургундары  тоонун үстүнө сайылган жыгачка барышып баатыр кызга арнап куран окуп өтүшөт.

Даярдаган: Динис Жайлоо уулу

Редактору: Жанара Аснкул кызы

Сынак үчүн