“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: ЖРТ тестин жыйынтыгы

4 Июль 2016 жыл 7:55
Көрүүлөрдүн саны: 256

IMG_0013

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү тапшырган ЖРТ тестин жыйынтыгы чыгып, мектептин алдынкы баллын Айчурөк Бекмурат кызы алды. Бул туурасында бүтрүүчү Айчүрөк эже менен маек курдук.

IMG_0092

Айчурөк эже саламатсызбы, сиз мектептин алдынкы баллын алам  деп ойлодунуз беле?

— Саламатчылык, негизи биз ЖРТ теске жакшы эле даярданганбыз. Бирок, мен мектептин алдынкы баллын алам деп ойлогон эмесмин.

Сиз бул кабарды кимден уктунуз?

— Мен тестин жыйынтыгы келгенин деле билген эмесмин. Анан 21-инюнда эле апам чалып сүйунчүлөду. Ошентип, мен апамдан бул кабарды уктум. Мага бул кабар күтүүсүз болду.

Сиз ЖРТ тестен мектеп боюнча биринчи орунду ээлептирсиз. ЖРТ тестен канча балл алдыныз?

— Ооба, мектеп боюнча биринчи орунду алып кубанып турган учурум. Мен тестен 167 балл алдым.

Кайсы университетке өтсөм деп жатасыз?

— Эми кудайым буюрса, көп эле университеттер бар ошолордун жакшысына өтсөм, ата-энеме да аябай жакшы болмок. Ошондуктан азырынча чече элекмин баллым кайсыга туура келсе ошол университетке тапшырам.

Мындан тышкары жогорку баллды көрсөткөн классташтарынызды атай кетсеңиз

Арген Бердибек уулу 166

Нурзат Адилетова 157 балл

Албина Сулайманова 128 балл

Алина Качкын кызы 126 балл алышты. Мен бул классташтарым менен сыймыктанам жана кен келечек каалайм.

Даярдаган: Мусилим Бекмурат уулу. 

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак учун.