“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Тоголок Молдо айылында нан бышыруучу цех ачылган

9 Июль 2016 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны: 172

 


IMG_2258.CR2Ак Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында 2015-жылы күзундө нан бышыруучу цех ачылган. Нан бышыруучу цехти азыркы учурда Канышай Ысагалиева жетектейт. Аталган цех айыл тургундарын нандын түрлөрү менен камсыз кылып турат.


Бул цех азыркы учурда арендага алынган имаратта иш алып барат.Бул тууралуу айыл тургуну мындай дейт.
IMG_2547.CR2

 

«Бул цех ачылгандан бери биздин айылга жакшы жардамдарын тийгизип жатышат. Коноктор келип калганда бул цехтен эле сатып алып турабыз. Бул цех азыр арендага алынган имаратта иштеп келишет жана ошондой эле терезелери да сынып калган,»-дейт Кубат Райымбеков.

Терезелери сынып азыркы учурда абалы начар.

IMG_2551.CR2

Нан бышыруучу цехтин техникасын ПРООН каржылап берген. Бул туурасында цехтин жетекчиси  мындайча баяндады:

IMG_2235.CR2

» Биздин цех 2015-жылы кузундо ПРООНдун жардамы менен ачылып ошондон бери иштеп келебиз. Бул цехте 6 адам кызмат кылат.  Биз негизи көбүнчө нан, булочка, кекс, торт, печенье, токоч жасайбыз. Жергиликтүү тургундардан жана коңшу айылдардан заказ алып иштейбиз. Бизге керектүү каражаттардын бардыгын ПРООН каржылап берген.,»-деди Канышай Ысагалиева.

IMG_2255.CR2

Аталган цех айылдар арасында өтүлгөн сынакта биринчи орундарды камсыз кылып келишкен.

 

Даярдаган: Бекмырза Бекмурат уулу

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы

Сынак учун