Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айылынын тургуну Акен атайын «ООН женщина» деп аталган долбоор менен ар кандай жер жемиштерди өстүуүрү менен алек. Бул долбоор менен алар быйыл эле ишке киришкен.
Аталган долбоор менен Акенден башка дагы айылда 5-6 адам эмгектенет. Ошондой эле алар жер жемиштердин түрүн өстүүрүп, сугарып жатканын мындайча баяндады:
» Биз бул иш менен жаздан баштап ишке кириштик. Биринчи парниктерге айдадык анан бакчага отургуздук. Азыр кудайга шүгүр жакшы эле өсуп жатат. Уруктарын өздөрү беришет анан биз аларды азыр өстүүрүп жатабыз»,-дейт Акен.
Азыркы учурда Акен капуста, сабиз, памидор, малина, бадыран өстүүрүп жаткан убагы.
Даярдаган:Бекмырза Алиаскаров
Редактору:Бегимай Бекмурат кызы
Сынак учун