“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Арпа күшөөчү станок элдин керегине жарап жатат

6 Сентябрь 2016 жыл 10:33
Көрүүлөрдүн саны: 204

 

IMG_0147

Нарын районуна каршатуу Учкун айылында арпа күшөөчү станок ойлоп табылды. Бул станок жеңилдетүү максатында ойлоп табылган.

IMG_0069

Аталган станокту  ойлоп тапкан уста Субан Оморов мындайча баяндады:

“Бул станокту сиркулярканын негизинде эле жасагам. Негизи өзүм майда-чүйдө карагайларды тилсемби деп ойлонуп жургөм  ошо анан бул оюм ишке ашты. Эл бирин-серин келип каргайларын тилдирип кетишет. Арпа күшөгүштү  өзум эле ойлоп тапкам. Өзүбүзгө эле керек болгондуктан эле жасагам. Эми колго күшөгөнгө караганда бир топ эле жеңилдик болот экен”,-дейт Оморов Субан.

IMG_0138

Станокко эл келип озулөрүнүн арпасын күшөөтүп алып жатышат. Айыл тургуну  Айгерим   Бекболсун кызы өз сөзүндө:

“Биздин айылда ушундай соко сокбилек  электрический да ана ошого барып биз курулган арпабызды күшөттүрдүк. Биз 2чака арпа болчу 15-20мүнөттө эле күшөп берди. Колго кушөгөндөн караганда ал ылдам болот экен. Анан айырмачылыгы ток менен иштегендиктен тазалап жаткандыгынанан алкандын кебеги аз болот экен. Чакасын 10 сомдон салдыртат экен ошондо 2чаканы 20 сомго салдырттык”,-дейт Айгерим.IMG_0147

Сынак үчүн

Даярдаган: Бекмырза Бекмурат уулу.

Редактору:Бегимай Бекмурат кызы.