
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы мугалимдер 24-сентябрда боло турган өрөөндүк спратакиядага даярданып жатышат. Спартакияга Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин мугалиамдери даярданып жаткан учурлары.
Аталган даярдыктар спорт залда жүрүп жатат жана мугалимдерге көмөк көрсөтүү максатында кружоктогу окуучулар да васкетбол ойноп жатышат.

Бул туурасында васкетбол оюнуна катыша турган мугалим Кубаныч Ибраимов мындайча баяндады:
» Биз 24-сентябрда Жамбулак айылында боло турган спартакияга даярданып жаткан учурубуз. Негизи биздн мектептен 20 оюнчу барабыз. Аркан тартыш, футболь, васкетбол, шахмат боюнча барабыз. Мен дене-тарбия сабагынан окуучуларга сабак берем. Ошонуну негизинде кружок ачкам кружокко катышкан окуучуларды биз менен өзүнчө команда болуп ойноп чоң жардам көрсөтүп жатышат. Катышкандар мектептин жаш мугалимдери жана орто жаштагы мугалимдер»,-дейт дене-тарбия сабагынан берген Кубаныч агай.

Белгилей кетчү нерсе бул спартакияга көп жылдан бери катышып келеген мугалимдер да бар. Башталгыч класстын жаш мугалими Жазира эже өз сөзүндө:

«Былтыр 13 окуучу катышкан быйыл 15 оюнчуга жетпейт жатат. Былтыр өрөөндөн васкетболдон 3-орун алганбыз жана футболдон 1-орун камсыз кылганбыз»,-деди мугалим Жазира эже.
Даярдаган: Абаз Марсбеков, Бекмырза Бекмурат уулу, Баястан Жеңишбек уулу.
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн