“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылындагы окуу тажрыйба участогундагы жер-жемиштер жыйналып алынды

20 Сентябрь 2016 жыл 13:51
Көрүүлөрдүн саны: 170

uluu-rk-n-ala-too
dsc00030 Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер-жемиштер казылып алынды. Участокто помидор, капуста, картошка, алма, карагат, кызылча ж.б лар отургузулган. Бирок алардын ичинен алма, карагат, кулпунайлар такыр эле өспөй калган.

dsc00037

Окуучулардын көбү  жайында каникулга кетишип,  өсүүгө жараксыз карагаттарды алып келишип, жана суунун жок болгондугуна байланыштуу аларды ото чөптөр басып каралбай калган. Буларды эмдиги жылы мектеп окуучулары кайрадан отургузушат.

Казылып алынган жер-жемиштерди окуучулар кл.жетекчилери менен бирге чайканага барып өткөрүп турушат. Ал жашылчалар менен 4 класска чейинки окуучуларга тамактар жазалып берилет, бул туурасында Шеф-повар Айгүл эжеден интервю алдык.

dsc00074

» Бул жемиштерден балдарга түрдүү тамактар; күрүч, суюк тамак, салаттар, дымдама сыяктуу тамактарды жазап беребиз. Мындан эң көп помидордун түшүмү болду, калгандары аз аздан. Булар болжол менен сентябрдын аягында түгөнөт, андан соң өкмөттөн берилген продуктулар менен тамактарды жасап баштайбыз»,-деди ал.

img_0202

 

Жер-жемиштердин түшүмдүүлүктөрү кандай болгону туурасында Э.Токсобаев мектебинин директорунун орун басары Элизат Токтоналиевага бир нече суроолорду узаттык. Бирок эже  кызматына сентябрь айында эле отургандыктан суроолорубуздун кээ брине жооп берген жок.

dsc00070

» Картошкадан 3 кап, помидордон 45кг, кызылчадан 88кг алынды. Түшүмдүүлүк жакшы эле болду бирок карагат, кулпунай, алма, өрүктөр каралбай калгандыктан, окуучулар аларды эмдиги жылы да кайра айдашат»,-дейт ал.

Бул участок атайын долбоор менен иштеп жаткандыктан,  жакында эле текшеруү келип өстүрүлгөн нерселер начар экенин айтып өтүшкөн.

img_0064

Окуучулар отургузган жер-жемиштеринин ордун тазалап, эмки жылкыга даярдашууда. Эмки жылы орундарын алмаштырышып ар бир класс быйыл айдагандарын, эмки жылы айдашпайт.

Даярдаган: Нуржамал Алманбет кызы

Редактору: Асанкул кызы Жанара

Сынак үчүн