Учкун айылына райондук ооруканадан дарыгер келип, жыйналыш өттү. Учурда өзүн-өзү кыюу областарда көп катталып жаткандыктан, аны аз да болсо окуучуларга түшүндүрүп, токтотуу максаты менен келген. Булар Нарындагы бардык айылдарга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.
Бул туурасында район ооруканасынан келген Динара Эскиевадан кыскача интервюдан алдык. «Мен бул жакка өз ыктыярым менен келдим, мени бул жакка атайын эч ким жиберген жок. Жыйналыштын эң негизги максаты бул окуучулардын өз өмүрүн кыюуусун азайтуу. Бүгүн силердин окуучуларыңарга төмөндөгү нерселер боюнча түшүнүк бердим. Менин оюмча окуучуларыңар сезденип калышты, аз да болсо өз өмүрүн кыюуу эмне экенин билип калышты окшойт»,-дейт ал.
Кайрат Ишен уулу: » Мурун биздин айылда өз өмүрүн кыйгандар көп болуп келген. Бул эженин сөзүнөн көптөгөн окуучулар таасирленип, мен да көп нерсени билип алдым окшойт. Булардын алып барган иштери көпчүлүктү кубандырды окшойт»,-дейт Кайрат.
Айдана Төлөгөн кызы: «Мага бул жыйналыш көп нерселерди үйрөттү десем болот. Жыйналыш зордук-зомбулук боюнча болду. Ата-энебиз ичкилик ичип жатышат, биз аларга өзүбүздүн кеңештерибизди берсек да болот экен»,-деди ал.
Жыйналышта ичкилик, зордук-зомбулук, өзүн кыюуу туурасында көптөгөн маалыматтар айтылды.
Даярдаган: Нурай Алмаз кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн