
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Өмүркүл Оторбаева кичине кезинен эле тигуүчүлүккө кызыгып азыркыга чейин улантууда. Кыздын себинен баштап фестивалдарга кие турган, ар кандай көйнөктөрдү өз колу менен тигет. Өмүркүл эжеге коңшу айыл, райондордон да кардарлар келишип, кыздын септерин жана конок кийимдерине буйрук беришет.

Эженин жашы 58ден ашса дагы тигүүчүлүк кесиби менен азыр да алектенип келет. Ар кандай көйнөктөрдү жана курактарды өзүнүн оюнан чыгарып жасайт. Кээде жетишпей жатканында кыздары менен биргеликте иштерин бүтүрүшөт.

“Мурун баары майдадан башталган биринчи байкап көрүп ар кандай нерселерди тиге берээр элем, акырындык менен мектеп окуучуларынын кечелерине ар кандай жаныбарлардын кийимдерин, кыздарга көйнөктөрдү тигип жүрдүм. Андан соң кыздарга сеп даярдап, жууркандарды, төшөк ар кандай майда оокаттарды тигип баштадым”,-деди ал.
Кездемелерин Бишкеке шаарындагы “Мадина” базарынан алат. Эгер кардарлар кымбат сепке буйрук беришсе кездемесин кымбат алып жазап берем. Материалдын баасы кандай болсо септики да көйнөктөрдүкү да ошондой болот. Кездеменин 1м 150-200 сом ар кандай баада алам.

Эжеге “Жумуштан чарчаган кезиңиз болобу? Анда кантип эс аласыз?” –деген суроону бергенибизде ал төмөнкүчө жооп кылды.
“Мен бул ишимден такыр тажайбайм, мага жагат. Чарчабайм ошондоуктан көп деле эс ала бербейм”-деген жооп уктук.
Келечектеги максаттары чет өлкөлөргө чыгып, товарларын өткөрүү. Эже сүрөткө түшүүнү каалабагандыктан тарткан жокпуз.
Даярдаган: Аяна Максатбек кызы, Нуржамал Алманбет кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн