“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылындагы Бактыгүл эженин эмгектери

23 Сентябрь 2016 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны: 286

dsc00584

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын эмгек сабагынан берген Бактыгүл эже азыркы учурда окуучуларга ар түрдүү буюмдардын жасалышын үйрөтүп келет. Ошондой эле Бактыгүл эже Эшбай Токсобаев  атындагы орто мектебинде эмгектенип келгенине 57 жылдын үзүрү.

dsc00634

Саламатсызбы! Бактыгүл эже өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз.

— Мен 1958-жылы Ак-Тал айылында жарык дүйнөгө келегем. Менин тайнем үкү топуну, курак кураганды, сайма сайганды, кийиздерди жасачу. Мен ошентип тайнемден үйрөнүп, азыркы учурда үйрөнгөндөрүмдү өзүмдүн окуучуларыма үйрөтүп жатам.

dsc00596

Сиз канча жылдан бери эмгек сабагынан берип иштеп келе жатасыз?

-Мен ошо Улуттук университетти буткөндөн кийин эле окуучуларга эмгек сабагынан берип келе жатам. Быйыл иштегениме 57-жыл болду.

Кол эмгек сабагынан окуучуларга эмнелерди үйрөтөсүз?

-Мен 5-7-класска чейин эмгек сабагынан берем. Анан окуучуларга ар түрдүү буюмдарды жасаганды үйрөтөм. Мисалы: сайма сайганды. Баягыда кыздар менен үлүлдөн кыргызстандын картасын жазадык.

dsc00598

Сиз бала кезден бери эле эмгекке кызыкчу белениз?

-Ооба, мен бала кезден эле тайнемден ар кандай кыргыздын оюларын түшургөндү, курак, кийиз, туш кийиз,  жасаганды үйрөнгөм. Анан 7-8-класстан баштап коптөгөн кыргыздардын улуттук буюмдарын жасаганды үйрөтүүдөмүн.

dsc00604

Сиз мектепти аяктаганда кайсы окуу жайга тапшырдыңыз эле?

-Мен мектепти бүткөндөн кийин Бишкектеги Улуттук кыз келиндер факультетинде окугам. Анан окуу жайды аяктагандан кийин турмуш куруп, мектепке эмгек сабагынан берип иштеп калдым.

Белгилей кетчү нерсе Бактыгүл эже эмгек сабагынан бергенден тышкары гүл өстүргөнгө кызыгат.

dsc00569

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат! Дайыма кол эмгек сабанын окуучуларга өз билгендериңизди үйрөтүп келебериңиз.

Даярдаган:  Изольда Жыргалбекова , Наргиза Жолдошбек кызы.

Редактору: Бегимай Бекмуратова.

Сынак үчүн.