“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Бала кезинен бери айкелчилик менен алектенген окуучу

24 Сентябрь 2016 жыл 15:40
Көрүүлөрдүн саны: 96

dsc00585

Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин 10 классынын окуучусу Азиз Таалайбеков кичине кезинен бери айкелчиликке кызыгып, азыркыга чейин ал өнөрүн аркалап келет. Ал ар кандай жаныбарлардын жана адамдардын тулку боюн чопо менен жазайт.

-Саламатсызбы? Канча жашыңыздан баштап айкелчилик менен алектенип жатасыз?

-Кичине кезимден баштап эле кызыгуум жаралган ошондон ушул убакка чейин бул иш менен алектенип жатам.

Кызыгууңуз кайдан жаралды?

-Кичине кезимде эле жазап баштаптырмын. Эң биринчи жазаган айкелим бул Токтогул Сатылганов болгон. Мен аны класска алып барып койгонумда мугалимдер, окуучулар бул талантымды байкашып, кол-эмгек сабагынын мугалими бул өнөрдүн мындан ары өсүшүнө жол ачты десем да болот.

Айкелдерди кандай чопо менен жазайсыз жана аларды кайдан аласыз?

-Аларды жазоодо күрөн чопо жана ак чопо бар ошолор менен жазайм. Чополорду өзүбүздү айылда булак бар ошол жактан алам.

Айкелчиликке жаш кезиңизден эле аралашканыңызга кимдир бирөө түрткү болгонбу?

-Жок бул тубаса талант.

img_0904

Айкелчилик жазоодогу кыйынчылыктар барбы?

-Ооба көбүнчө алардын тулку, бетин жазап жатканда оор болот.

img_0896

Ушул нерсе боюнча кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

-Мен эңбиринчи 8 класс кезимде «Жаш-Таланттар» фестивалына барып, экинчи орунду алгам. Андан соң 9,10 класстарда жалаң диплом алып биринчи орунду алып келе жатам. Буюрса бул өнөрүмдү мындан ары да улантып, өстүргүм келет.

img_0937

Келечекте ким болууну калайсыз?

-Келечекте айкелчи эле болом.

Мындан башка деле көптөгөн кесиптер бар, эмне үчүн ушул кесипти тандадыңыз?

-Эми ар бир кесип ардактуу дегендей, мен үчүн бул кесибим өтө баалуу. Мен адамдын тулку боюн жазап жатканымда менде кандайдыр бир башкача сезимдер айда болот, аларды сөз менен да жеткире албайм.

Даярдаган: Мирбек кызы Айдана, Алманбет кызы Нуржамал.

Редактору: Жанара Аснкул кызы

Сынак үчүн