“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында көп жылдардан бери окуучуларга музыка сабагынан берген Жумабек агай

26 Сентябрь 2016 жыл 18:54
Көрүүлөрдүн саны: 176

dsc01022

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде музыка сабагынан берген Жумабек агайдын иштегенине быйыл 30 жылдан ашты. Азыркы учурда да талбай эмгектенип келүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жаш таланттарды даярдап келген.

Атап айта кетсек 2013-жылы Алмаз Эшбаевди вокал жанры боюнча даярдап, обулусттук кароо сынакта 1-орунду багындырып келген.

Ошондуктан таланттуу музыкант, талыкпаган эмгектин ээси Жумабек агай менен маек курдук.

dsc01016

Саламатсызбы! Сиз мектептепти аяктаганда кайсы окуу жайга тапшырдыңыз эле?

dsc01018

Салматчылык. Мен ушу силер окуп жаткан Эшбай Токсобаев атындагы орто мектепте10 жыл окугам. Мектепти аяктагандан кийин Бишкекетеги музыкалык училищяга тапшырып, акордион клаасын аяктагам.

Сиз биринчи жолу өз өнөрүңүздү кайсы жерден байкап, баамдап көргөнсүз?

-Мен 1-жолу өз эмгегимди Тогуз-Торо айылында1973-жылы акордион чертип баштагам.

Сиз музыка сабагын берүүдөн башка дагы кайсы жерлерде иштегенсиз?

—  Окууну окуп аяктагандан кийин 10 жыл театрда иштедим. Андан кийин ушу убакытка чейин мектепте окуучуларга музыка сабагынан берип келе жатам.

Кайсы аспаптарда ойногонду билесиз?

-Мен өзум жана айтып өткөндөгүдөй акардион классын окуп бүтүргөм. Азыркы учурда ямахада, партапиянада, комузда ойногонду билем.

dsc01016

Өзүңүз билген өнөрлөрүңүздү окуучуларга үйрөтүп жатасызбы?

-Мен өзүм окуучуларга болгон блимимди берүүгө аябагандай тырышам. Негизи мен сабак учурунда окуучуларга ырдаганды, ноталарды үйрөтүп жатам. Бул сабактан тышкары кружоктор бар ал жерден мен кызыккан окуучуларга кыргыздын жана башка улуттардын аспаптарында ойногонду үйрөтөм.

dsc01024

Өзүңүз кайсы аспапка кызыгасыз?

-Мен негизи кыргыздардын аспаптарына кызыгам. Бирок, азыркы учурада комузда ойной алам. Башка дагы көптөгөн аспаптарды ушу жашка келсем деле үйрөнгүм келет бирок кол бошобойт.

Быйыл мектепке иштегениңизге канча жылдын үзүрү болду?

-Мен музыка сабагынан берип келгениме быйыл 30жылдан ашты десем болот.

dsc01015

Ушу 30 жыл аралыгында кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

-Мен атайын Алмаз Эшбаев деген окуучуну вокал жанры боюнча»Жаш талант» ка даярдап, облустан 1-орунду камсыз кылганбыз. Былтыр болсо Майрам Төрөгелди кызы менен Алмазды өрөөндүк «Жаш талант» ка алып барганда Майрам 3-орунду ал эми Алмаз 1-орунду камсыз кылышкан.

Даярдаган: Изольда Жыргалбекова, Жолдошбек кызы Наргиза.

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчүн.