“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: «Манас таануучу» Гүлмира эже быйылкы бүтүрүүчүлөргө ачык сабак өттү

26 Сентябрь 2016 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны: 148

 

aikol-manas

Жумагулова Гүлмира буга чейин «Манас таануу» интелектуалдык таймашына өзүнүн даярдаган окуучулары менен катышып,  республикадан экинчи орунду алууга жетишкен. Өзүнүн манасчылар тууралуу билген билимин 11-класстын окуучуларына үйрөтүү максатында 26-сентябрь күнү ачык сабак өттү.

Сабактын максаты окуучуларды манасчылардын баскан жолу менен тааныштырып, манасчылык өнөр боюнча кеңири маалымат берүү болчу.

Гүлмира эженин ачык сабакта айткан сөзүнө караганда,  манасчыларды биз түгөнбөс океан катары көрүп, ошол океандан сугарылышыбыз керек экенин айтты:

» Манасчылар бул биздин чоң байлыгыбыз . Алар айткан миллион сапты дүйнөнүн мыктымын деген адамдары да айта алышпайт. Манас деген күчтүн аркасынан алар күн-түндөп Манас айтышууда. Биз мындай улуу манасчыларды барктап, даңктап, атын өчүрбөй көкөлөтүп туу кылып  алалы»,- дейт Жумагулова.

Окуучулардын айтымында буга чейин бир да мугалим Гүлмира эжедей кызыктуу сабак өткөн эмес.

11-клааста окуп жаткан Бубусина Нурбекова манасчылар боюнча өтүлгөн сабакка өзгөчө кызыкканын жана ачык сабак жакканын айтты:

» Мен Гүлмира эжени биздин мектеп боюнча Манас эпосун эң жакшы билген мугалим катары тааныйм. Манасчылар тууралуу сабак баардык окуучуну кызыктырды. Башка мугалимдер да Гүлмира эжедей кызыктуу кылып өтсө дейт элем»,- деди.

Ал эми 2014-жылкы » Манас Таануу» таймашынын республикалык баскычына катышкан Айганыш Адилова ачык сабакта манасчылар тууралуу билгенимден да билбегеним коп экен дейт:

«Мен мурун «Манас таануу» таймашына катышкам. Ал таймашка мени Гүлмира эже даярдады эле. Манасчылар тууралуу коп нерсе билем деп ойлогом, бирок эженин ачык сабагынан кийин дагы коп нерсени биле элек экенимди тушундум»,- дейт ал.

sagymbaj_orozbak_uulu

 

Айганыш Адилованын кошумчалаганына караганда ачык сабакка 45 мүнөт аздык кылат. Себеби азыркы учурда манасчылар тууралуу маалымат көп, ал эми 45 мүнөт сабакты толук түшүндүрүп берүү үчүн жетишсиз дейт.

Даярдаган: Ислам Көчөрбаев

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн