“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Каздын майынын даарылык касиетин билген Жаркын эже

27 Сентябрь 2016 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны: 114

dsc00891

Учкун айылынын тургуну Жаркын Шабданова жана анын жолдошу Амантур Баймурзаев азыркы учурда каз, көгүчкөндөрдү бакканга кызыгышат. Көгүчкөн, каздардын пайдаларын да, жаман жактарына да чыдап багып келишет.    

Аталган каздардын майлары ден соолукка пайдалуу болгондуктан Амантур байке ушу кезге чейин аларды багат.

Бул туурасында жубайы Жаркын эже көгүчкөндөрдүн жумурткасы сөзсүз турдө бирөө эрекек, экинчиси ургаачы балапан болорун айтат:

dsc00960

» Биз ушу каз менен көгүчкөндөрдүн пайдалуу жактарын билип анан алып келип багып жатабыз. Каздардын майлары даары катары пайдаланыт. Мен 2-3күн мурун бөйрөгүм ооругандыктан каздын майын пайдалангам жыйынтыгы жакшы экен. Көгүчкөндөрдү болсо кээ бир кызыккан адамдар болсо сатабыз. Азырынча каздан 14 ал эми көгүчкөндөн 2кө»,-дейт мугалим Жаркын Шабданова.

Бул каздардын коңшуларына жакпаган сапаттары да бар. Ал туурасында кошнасы Бүкеш эже мындайча баяндады:

dsc00975

«Каздар күнү-түнү оттоп, үндөрүн чыгарып, ары-бери басып жүрө беришет. Бирок, алар көп деле тоскоол кылбайт. Ар бир адамдын жаман жагы дагы жакшы жагы дагы бар болот эмеспи. Ошондуктан менин кошнам каз, көгүчкөндөрдү багышына каршы эмесмин»,-дейт Букеш эже.

dsc00989

Бул көгүчкөндөр менен каздарды багууну жолдошу Амантур байке сунуштаганын айтат.

dsc00908

Аманттур Баймурзаев көгүчкөндөрдү багууга өзу кызыгат. Ошол себептен багарын белгилей кетти.

Даярдаган: Гүлзар Казиева, Самара Токтосунова

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчүн.