“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкунга биринчи жолу балдар ойноочу батут келди

27 Сентябрь 2016 жыл 9:13
Көрүүлөрдүн саны: 96

img_1276 Нарын районуна карштуу Учкун айылына биринчи жолу кичине балдар ойноочу батут коюлду. Ойноо үчүн бир мүнөтүнө бир сомдон алынат. Батут Учкун айылына суук түшкөнгө чейин турат.

Бул батутту Тынчтык Мүдүнов 80 миң сомго сатып келген. Учкун айылында туугандары болгондуктан, бул батутту алар иштетишет. 

Батут келээри менен айыл тургундары кичине балдарын алып келишип, бтуттун ичине балдар батпай, кезеги менен кирип жатышты.

img_1271

Батутту сатып келген Тынчтык байкебизден кыскача интервю алдык, ал кесиби боюнча фотограф.

» Батутту иштеткендер менин туугандарым болот, ошол үчүн сатып келдим. Түшкөн акчасын иштеткен жакындарым алат жана калганын мага беришет. Муну балдар ойно үчүн алып келдим. Кирешесин эми көрөбүз да биринчи жолу иштетип жаткандыктан кирешеси канча болот билбейм»,-дейт ал.

Дээрлик айыл жергесинде мындай нерселер жок болгондуктан кичинекей бөбөктөрүбүз бир чети сүйүнүп, бир чети батутту көрбөгөндөр тан калып  да жатышты.

Тынчтык байкенин айтымында «балдарга жагымдуу маанай тартууло жана аз да болсо үйлөрүндө жата бербей алардын көнүлүн ачуу болуп эсептелинет»,-деди ал.

Мындай нерсеге кубанган «Балдар-Бакчасынын» тарбиячысы өзүнүн сүйнүчүн биз менен бөлүшүп өттү.

img_1281

«Биздин айылга ачылып жатканына абдан кубанып жатам. Эми балдарымды алып келип, ойнотуп кетип турам. Азыр менин балам мындайга биринчи эрээт түшүп жаткандыктан абдан таң калып, көпкө чейин ойнобой, тегерегин карап жатты. Бул эле эмес мындай нерселер биздин айылга мындан да өп курулса жакшы болот»,-дейт тарбиячы.

img_1283

Батутка 3 жашка чейинки бөбөктөр ойной алышат, алардын жашы кичине болгондуктан сүйүнүүдөн башка  деле сөз сүйлөй алышкан жок. Бирок айрым жогорку класстын окуучулары мындан чоң, биз дай ойногонго болгудай башкача нерселер келсе болмок дешти.

Даярдаган: Акылай Сатыкеева, Гулкайыр Ишен кызы

Редактору: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн