Быйылкы Э.Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары кыргыз тили күнүнө карата кече майрамын өткөрүштү. Кечеге 11-класстын ата-энелери чакырылып, келген ата-энелерге балдары бата берип, ыр күлкү тартуулашты.
Кеченин ачылышы Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды
Найзабек Муканбет уулуну кыргыз жерин даңктаган ырды көркөм айтканда залдын ичи кунт коюп укту
Кеченин катышуучусу Майрам Илимгазиева иш чараны өзүбүздүн баалуулуктарыбызды тилдин күчү менен барктоо максатында уюштурганбыз дейт.
Андан соң келген ата-энелер балдарынан бата алып, кубангандарын жашыра албай турду.
Кечеге келген ата-энелердин бири Назгүл Апилова балдарынын бата берип жатканын угуп көзүнө жаш алганын айтты.
Ата-энелерге балдары » Талым кыз менен Көбөктүн айтышын» комуздун коштоосунда чертип берди
Келген конокторду өзгөчө балдардын аткаруусундагы » Ачуу айран ичебиз » бийи кызыктырды
Ошентип кыргыз тили күнүнө арналган кече кыздардын » Арча бешик » аталышындагы ыры менен жыйынтыкталды.
Даярдаган: Кумарбек Мажик уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн