“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Окуучулар арасында кыргыз тили боюнча » Акыл ордо» таймашы болду

29 Сентябрь 2016 жыл 16:25
Көрүүлөрдүн саны: 138

dsc01068

» Акыл ордо» таймашын кыргыз тили күнүнө карата Э.Токсобаев мектебинин парламенти уюштуруп, баардык суроолор кыргыз тили тууралуу берилди. Сынакка 9-11-клаастан жалпы алты окуучу катышып, жыйынтыгында 11-класстын окуучусу жеңишке жетти

dsc01055

Таймаштын уюштуруучусу Майрам Төрөгелди кызы суроонун баардыгын өзү түзгөнүн жана суроолор кыргыз тилинин граматикасы тууралуу экенин айтты:

» Мен таймаштын суроолорун оңой түзгөнгө аракет кылгам бирок кыргыз тил боюнча мурун олимпиадага катышып жүргөндөр  мен түзгөн суроолор оор болуп калганын айтып чыгышты.Бирок » Акыл ордо» кызыктуу таймаш болду. Катышуучулардын көбү кыргыз тилин жакшы билгендиктен 1 орун үчүн таймаш оор болду»,- дейт ал.

Ал эми таймаштын катышуучусу Дилбар Ороскожо кызы суроолор оор түзүлүп калганын айтты:

» Мен мурун кыргыз тил боюнча олимпиадага катышып жүргөм. Бирок эмнегедир бул таймашта мен биринчи турдан эле өтпөй калдым. Суроолор чынында оор экен бирок сынак жакшы болду менин оюмча. Мындай сынактардын көп болушу билимге жол ачат»,- дейт Ороскожо кызы.

dsc01062

» Акыл ордо» таймашын мектеп парламенти көп жылдан бери өтүп келет. Бул таймашты мектеп мугалимдери да окуучулар менен биргеликте өткөрүп турат.

Даярдаган: Ислам Көчөрбаев

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн