“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Бүтүрүүчүлөр кыргыз тили күнүнө карата кече койду

30 Сентябрь 2016 жыл 6:52
Көрүүлөрдүн саны: 109

img_1669

Быйылкы 11-класстын окуучулары ата-энелерине арнап кече майрамын өткөрүштү. Кечеге келген ата-энелерге окуучулар бата айтып, өз өнөрлөрүн тартуулашты

img_1660

Кеченин уюштуруу максаты кыргыз элинин баалуулуктарын тилдин күчү менен элге жеткирүү болчу. Алдыга койгон ушул максатыбыз орундалды дейт кеченин катышуучусу Каныбек Орозбек уулу:

» Биздин класс жетекчи эжебиз кечеде кыргыздын баардык баалуулугун тилдин күчү менен элге айтып бергиле деген. Келген көрүүчүлөргө чынында биз баалуулуктар жөнүндө көп маалыматтарды эне тилибиздин күчү менен бере алдык дейт»,- Орозбек уулу.

img_1660

Өзүнүн баласынын кечесин көргөнү келген Сайрагүл Ашыракманова балдар кечеде баалуулуктар боюнча элге көп маалымат бере алгандыгын жана балдардын талантту экенин айтты:

» Бул класстын балдары таланттарга бай жана эч нерседен тартынышпайт. Кечеде көптөгөн маалыматтарды элге тилдин күчү менен жакшы түшүнүктүү жеткире алды. Кеченин даярдыгы жакшы экен балдар көп изденип даярданганы көрүнүп турду»,- деди.

img_1647

Аталган кечеге көрүүчү болуп келген мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова кечеге балдар азыраак даярданып койушуптур дейт:

» Кечени койуп берген 11-класстын окуучуларына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ата-энелер келгенге сүрдөдүбү айтор балдар ырларын айтып жатып такалып калып атышты. Мындан кийинки кечеңерди мындан жакшыраак даярдайсыңар деп ойлойм»,- дейт ал.

img_1639

Кече негизинен эки сааттын тегерегинде болду. Келген ата-энелерге өздөрүнүн балдары сахнанын алдында алакан жайып, жакшы ой тилектерин айтып бата берди. Балдардын » Ачуу айран ичебиз» бийи  кеченин эң мыкты номери деп табылды.

Даярдаган: Кумарбек Мажик уулу

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн