
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын ардагер мугалими 8 жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп келет. Жемиштерди өстүргөн жердин аянты 15 сотх. Ал жерге помидор, бадыран, кулпунай, кызылча, перец, редиска, баклажан, чеснок сыяктуулар өстүрүлөт.
Өстүрүп жаткан жер-жемиштерге эч кандай жер семирткичтер колдонулбайт. Ардагер мугалим 34-жыл мектепте иштеп, эс алууга чыккандан кийин, бош убактысында жер-жемиштерди өстүрүү менен алек болот.

» Мен 8 жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүү менен алек болуп келе жатам. Бул ойду үй бүлөбүз менен кенешип, ушуларды айдоону чечкенбиз. Жемиштер бышканда бадырандын баасын 25 сомдон түшүрбөйм бадыран жана помидорлорду 3күндө 30 кг дан жыйнап алып турам.Кардарлар бышканда өзүлөрү келип алып турушат, ар бир келгендер кишилер жер-жемиштерди өз колдору менен терип алышат. Буюрса киреше өзүбүзгө да жакшы эле түшөт, канааттандыраарлык десем болот»,-дейт Айна Алиевна.
Учкун айылында ушундай иштер менен алектенген көптөгөн тургундар бар. Баарынын максаты күнөскана куруу. Акча каражатынын жоктугунан көбү бакчаларына жер-жемиштерин өстүрүшөт. Эгер күнөскана курулса мындай жемиштердин түрү кышында да өстүрүлмөк.

Айна Алиевна ушул жылдын 24-июнь күнү Нарын шаарына барып, «Элет жериндеги айымдардын иши» аттуу майрамга атайын чакыруу боюнча катышып келди. Бул майрамга Учкун айылы боюнча жер-жемиштерди мыкты өстүргөндүгү үчүн барды. Ошонун негизинде «Асылзат Нуру» деген төш белгиге ээ болду.
«Көптөн бери күнөсканага жетпей келем. Эки үч жолу миниистерствого бардым. Райондук акимге бардым, жардам беришкиле дедим, азырынча жыйынтык боло элек. Күн сайын сыналгыдан «Мыкты чарба» деген телеберүүнү көрөм ошонун негизинде аракет кылып Кореялык теплица алайын десем өзүңөр акча кошкула деди Кореянын күнөсканасы бышыгыраак экен, ошого жетпей жатам. Буюрса күнөсканам болсо узундугу 25м туурасы 4м болсо жакшы болмок. Күнөскана болсо кышында да бош отурбай жемиштерди өстүрүү менен алек болмокпуз»,-дейт ал.

Азыр Айна Алиевна 1тонна помидор жыйнап, аларды кээде күнүнө 250кг га чейин сатууда. Быйыл түшүмдүүлүк жакшы болуп, жер-жемиштери түшүмдүү болду.
Эженин айтымында эгер күнөскана курулса өзү менен тен курактагы 4-5 аялды алып келип жер-жемиш өстүрүп, иштей берээрин белгилеп өттү.
Даярдаган: Нурай Алмаз кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн
Даярдаган: Акылай Качик кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн
Телефондон кетирилди