
Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде Токтокан Аткаросова 30жыл эмгектенген. Токтокан апа 1968-жылы 5жыл директордун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле 1967-68-жылдары мектептин бала-бакчасында 5жыл эмгектенген.
Азыркы учурда Токтакан апа үй тиричилиги менен алектенет. Бул туурасында Токтокан апа мындайча баяндады:
» Мен 1967-жылы Учкун айылынын мектебине орус тил сабагынан балдарга билим берген. мектепте зам директор болуп да иштедим. азыркы учурда менин 7балам бар, 22неберем, 6чөбөрөм бар. Балдарымдын 2 мугалимдик кесипти бүтүрүшкөн. Бирок турмуш шартка ылайык базар иштерине иштеп кетишти. Бир уулум тарых жагын бүткөн. Мен 1995-жылы пенсияга чыккам.»,дейт Токтакан Аткаросова.

Ошондой эле Токтокан апа азыркы учурда өзүнө чакан дүкөн ачып алган жана гүл өстүрүп, жемиштерди айдайт.

» Кошунасы катары Токтакан апаны жакшы билем. 2,3 күн сайын Бишкеке барып турат. Балдарыны бары Бишкекте болгондуктан көп каттайт. Азыркы убакта небереси келиндүү кылып жакында эле уул чөбөрөлүү кылды. Жолдошу экөө тең кудайдын сүйгөн пенделери десек жанылышпайбыз. Канча жылдан бери чогуу жашап жакында кыбыралуу да болууга аз калды»,-дейт жакын кошунасы.
Даярдаган: Тобойбек кызы Бегайым, Таалайбек кызы Жибек.
Редактору: Бегимай Бекмуратова.
Сынак үчүн.