Э.Токсобаев мектебинин 8-классынын окуучусу Жакшылык Кубанычбек уулу мектеп арасындагы футбол боюнча мелдештерде » Мыкты чабуулчу» атанып, Учкундун » Роналдосу » деген кайнама атка ээ болгон. Жакшылык келечекте Спорт сарайына тапшырып, Криштиана Роналдодой бийиктикти багындырсам дейт
Жакшылык кичинесинен бери эле чоң балдар менен топ талашып, футбол оюнун ойноп келет. 7-класс кезинде Жакшылыктын жылдызы жанып, Мектептин » Мыкты чабуулчусу» атанат. Ал футбол ойногонду байкелеринен үйрөнгөнүн айтат. Себеби анын эки байкеси тең Республикалык Спорт мектебинде окушат.
Ал эми Жакшылык болсо келечекте Испания чемпионатында » Реал Мадрид «дин карамагында чабуулчу болуп ойногусу келээрин айтат:
» Мен Роналдону кумир тутам. Келечекте ал жеткен бийиктикке жетким келет. Мен футбол дегенде баш отум менен кирип кетем. Себеби мен өзүмдү келечекте футболист катары көрөм. Келечекте Испания чемпионатында ойногум келет»,- деди.
Ошондой эле Жакшылыктын футболист болуусуна анын ата-энеси да каршы эмес. Тескерисинче алар Жакшылыкты колдошот. Атасы Кубанычбек Момуналиев баласынан мыкты оюнчу чыгаарына ишенээрин жана келечекте футболисттик кесипти тандоого каршы эместигин айтат:
» Балам кичинесинен спорт тармагына кызыгат. Күрөшкө да катышып жүрдү 4 жылдан ашык убакыт. Эки байкесиндей спортсмен болуусуна каршылыгым деле жок. Келечекте ким болууну өзү чечет. Кааласа футболист болсун «,- дейт ал
Жакын досу 9-класстын окуучусу Ишен Кайрат уулу Жакшылыктын футболго абдан берилгенин жана келечекте мыкты чабуулчу чыгаарын айтат:
» Жакшылыкты кичинемен жакшы тааныйм. Ал кээде бала жок болсо деле өзү жалгыз футбол ойной берет. Биздин мектептин эң алдыңкы футболисти деп айтсам да болот»,- дейт Кайрат.
Быйылкы жылы Жакшылыктын командасы «Мектеп Кубогун» жеңип алышты. » Мектеп Кубогунун » финалында 11-класстарды 2:1 эсебинде жеңип, эң көп гол киргизген Жакшылык » Роналдо » деген атка ээ болду.
Даярдаган: Нурдан Адилет кызы
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн