“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сүрөт баян: Мектеп Бүтүрүүчүлөрү Жалпы Республикалык Тестирлөөгө даярданууда

13 Октябрь 2016 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны: 103

dsc00034

Э.Токсобаев орто мектебинин 11-классынын окуучулары Жалпы Республикалык Тестирлөөгө ( ЖРТ ) кыргыз тили жана математика сабактарынан даярдана баштады. ЖРТга октябрь айынан баштап даярдануу чечимин ата-энелер колдоп, азыркы кезде 30 дан көп окуучу айына бир сабакка 150 сомдон төлөп билим алышууда

dsc00050

 

dsc00040

Октябрь айынан баштап ЖРТга даярдоо демилгеси мектеп директору Арзыгүл Шеримбековага таандык. Мектеп директору 11-класстардын ата-энелер жыйынында бул маселени көтөрүп, ата-энелер балдарын акча төлөтүп окутууга макул болушкан.

dsc00044

 

Жалпы 11-класстардын саны 40дан ашат. Азыркы учурда алардын 30дан көбү курска катышууда.

dsc00035

Быйылкы мектеп бүтүрүүчүсү Темирлан Тойунбек уулу курска катышуу менен өзүмдүн билимимди жогорулатам дейт:

» Кыргыз тил жана математика негизги тест болгондуктан биз аны жакшы билишибиз керек. Себеби бул өзүбүзгө эле керек.Буйурса ЖРТдан жакшы бал алам деп үмүттөнүп жатам»,- деди.

dsc00056

ЖРТга даярдануу үчүн 11-класстар жумасына эки жолу мектепке келишет. Ар бир сабак 90 мүнөттөн өтүлөт

dsc00049

Келечекте дизайнер болууну кыялданган Бүбүсина Нурбекова ЖРТ биз үчүн көп нерсени чечип койушу мүмкүн дейт:

» Быйыл бере турчу ЖРТдан чынында коркуп атам. Себеби ЖРТдан аз балл алып калсам Жогорку Окуу Жайлардын бюджетине өтө албай калам. Ошондуктан ЖРТ биздин кийинки келечегибизди чечип койот. Бул курс мага жакшы балл алганга жардам берет»,- дейт Нурбекова.

dsc00053

 

Кыргыз тили боюнча ЖРТга Гүлмира Жумагулова даярдап жатса, математика сабагынан Таалай Токтолов даярдоодо.

Даярдаган: Нурдан Адилет кызы

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн