“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Балалык кезин спортко арнаган кичинекей Азимдин жетишкендиктери

14 Октябрь 2016 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны: 100

dsc00061

Учкун айылында жашаган 6-класстын окуучусу Азим Эркинбек уулу грек-рим күрөшү боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келүүдө.   Ал бир нече жолу райондун, обласстын чемпиону болгон жана Республикалык таймашта 3-орунду ээлеген

Кичинесинен бери Азим  спорт менен алектенет. Анын айтымында үйүнөн көп деле жумуш жасабай, убакытынын көп бөлүгүн спортко коротот. Себеби ал келечекте өзүн мыкты спортсмен катары көрөт.

dsc00067

Азим Нарын районунун 2 жолку чемпиону жана көптөгөн республикалык деңгээлдеги таймаштардын катышуучусу.

Келечекте ал эл аралык деңгээлдеги мелдештерге чыгып, өлкөнүн намысын коргосом дейт. Азим бизге ошол келечектеги кыялдары жөнүндө айтып берди:

» Спорт азыр менин жашоомдо чоң мааниге ээ. Себеби мен кичинемден спорт менен алектенип, ал нерсеге көнө түшкөм. Чоң таймаштарга чыкканда башында абдан сүрдөчүмүн, бирок кийин көнө түштүм. Мелдештерге чыгып айылыңдын намысын коргогон абдан жакшы. Келечекте буюрса айылдын эле эмес, Кыргызстандын атынан күрөшүп, Кыргызстандын намысын коргойм. Ушул максатка жетиш үчүн көп аракет кылуудамын»,- дейт ал.

dsc00068

Мелдештерге Азим менен бирге чыгып жүргөн 9-класстын окуучусу Бексултан Асанбеков төмөнкүлөрдү айтып берди:

» Мен Азимди инимдей эле жакшы көрөм жана жакшы тааныйм. Ал абдан жакшы күрөшөт. Күрөшүп жатканда сүрдөгөнүн деле көргөн жаокмун. Азимден жок дегенде Азиянын чемпиону чыгат»,- деди.

Эгер ата-энеси уруксаат берсе Азим 7-классты бүтүп Республикалык спорт мектебине тапшыраарын айтты. Себеби Азим өзүнүн балалык кезин да спортко арнагысы келет

Даярдаган: Айгерим Бекболсун кызы

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн