“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында Үркүн кино тасмасы көрсөтүлдү

17 Октябрь 2016 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны: 253

 

ake-uke

Улуттук Боштондук Күрөшү чагылдырылып тартылган тарыхый Үркүн кино тасмасы 17-октябрда Э.Токсобаев мектебинде көрсөтүлдү. Буга чейин кино тасма саясий көз караштардан улам элге көрсөтүлбөй келген.

Үркүн тасмасынын бет ачары октябрь айында болгон. Азыркы кезде кино тармагында иштегендер бул тасманы мектептерди кыдырып көрсөтүшүүдө.

Токсобаев мектебинин окуучулары киного кирүү үчүн бир билетти 50 сомдон сатып алышты. Жалпы 50 дөй көрүүчүнү камтыган Үркүн тасмасы өзүнүн белгиленген убакытынан жарым саатка кеч башталды.

dsc00042

Киного келген Азиз Таалайбеков мындай жакшы тасманы кыргыздар биринчи эле жолу тартып жатышса керек деди:

» Башында билет сатып жүргөндө билет алгым деле келген эмес. Бирок классташтарым билет алып атканда мен дагы уялганымдан алган болчумун. Ошондо ырас эле алган экенмин. Кино мыкты тартылыптыр, мага жакты»,- дейт Азиз.

dsc00045

Ал эми 11-класстын окуучусу Бурулча Сынжыбекова тасманы көрүү менен кыргыз эли илгери кандай кыйынчылыктарды тартканын түшүнгөнүн айтат:

» Мен мурун 1916-жылдагы Үркүнгө көп деле маани берген эмесмин. Бул тасма баарыбызга таасир этти деп айта алам. Кыргыздын Илгери кандай кыйынчылыктарды тартканын эми түшүндүм жана көз карашым да өзгөрдү»,- дейт ал.

Үркүн тасмасынын узактыгы жалпы бир жарым саат. Ушул бир жарым саатай убакта баардык окуучулар тасманы кунт коюуу менен көрүштү.

Бурулча Сынжыбекова мурунку келген кинолордо ызы-чуулар көп болчу, ал эми бул сапар эмнегедир баардыгы тынч отуруп кинону көрүштү дейт.

Тасманы сүрөткө же болбосо телефон камераларына тарттырбай кароолчулар көзөмөлдөп турду. Себеби азыркы учурда тасма атайын кинотеатрларда же мектептерде гана көрсөтүлөт экен.

Даярдаган: Айгерим Бекболсун кызы

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн