Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинде 18-октябрда 9-10-класстардын арасында » Күзгү майрам» кечеси болуп, Токсобаев мектеби жаңы ханзаада жана ханышалуу болду. Күзгү майрам кечеси жыл сайын мектеп парламенти тарабынан уюштурулуп турат жана бул жолку кечеде 9-класстын окуучусу Жанара Асанкул кызы ханыша наамын алса, Гүлжигит Төлөбек уулу мектеп ханзаадасы аталды.
Күзгү майрам кечесинин уюштуруучусу Майрам Төрөгелди кызы бул анын президент болгондогу биринчи жана ийгиликтүү иш чараларынын бири болгонун айтат.
Катышуучулар өз эмгегинен жаралган көйнөктөрүн эл алдында көрсөтүп жана кантип жасалганы тууралуу кенен айтып беришти. 9-класстын окуучусу Айдана Талантбек кызынын колго жасаган эмгеги кечедеги эң мыкты көйнөк аталды.
Андан соң кезек бийге келип, 10-класстардын Индия бийи өзгөчө элдин колдоосун тапты.
Былтыркы мектеп ханзаада менен ханыша айымы кечеге калыс болуп отурушту. Мурунку мектеп ханзаадасы Өмүрзак Садыбакасовдун айтымында чынында туура баа берүү кыйын болгонун айтат. Себеби кечеге катышуучулар мыкты даярданыптыр дейт.
Кеченин соңунда мектеп мугалимдери сөз сүйлөп, кеченин жыйынтыгын чыгарды.
Кечеде экинчи орунду 9-класстар камсыз кылса, үчүнчү орунду 10-класстар алды.
Даярдаган: Нурдан Адилет кызы
Редактору: Алмаз эшбаев
Сынак үчүн