“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сүрөт баян: » Күзгү майрам» кечесинде кыздын милдетин аткарган балдар

18 Октябрь 2016 жыл 15:45
Көрүүлөрдүн саны: 209

 

dsc00138

Э.Токсобаев мектебинде өткөн » Күзгү майрам» кечесинде балдар кыздардын бетине макияж жасап, калыстар тобунун алдында өз колдору менен түрдүү салаттарды жасады. Жасаган салаты жана макияжы үчүн калыстар тобунун баардыгы балдарга «5» деген жогорку упайларды берди.

dsc00135

Катышуучу балдар көрүүчүлөрдүн көзүнчө тартынган жок. Себеби алар жеңебиз деген максатта келишкен.

dsc00159

Жылдызбек Темирбеков 9-класстын окуучусу. Ал кечеге 10-класстын кызы менен бирге чыкты. Себеби 10-класстын балдары кечеге чыгуудан баш тартып, кыздардын сурануусу менен Жылдызбек кечеге чыгууга макул болгон. Жылдызбектин айтымында ал бул кечеге даярдыгы жоктугун ошол себептен салатты, макияжды жасаш кыйын болгонун айтат.

dsc00149dsc00177 Андан соң балдар салаттарын калыстар тобунун сынынан өткөрүп, татыктуу баа ала алышты.

dsc00175

Кезек ошентип макияжга келди. Анда балдар кыздардын бетин боеп, кыздардын чачтарын жасалгалашты.

dsc00265

Карганбек Жумагулов чач жасалгалоо андай деле кыйын эместигин айтат. Эркек балдардан деле мыкты макияжчылар чыгат дейт.

dsc00255

dsc00266

Кеченин көрүүчүсү Айганыш Адилова балдардын жасаган салаттары абдан кооз болгонун жана макияж мыкты жасалыптыр дейт.

dsc00287

 

Кеченин көркүн өзгөчө балдар ачып берди. Алар эл алдында тартынбастан өз таланттарын ачык көрсөтүп бере алды. Катышуучулардын коштошуу вальсынан соң кече жабык деп жарыяланды

Даярдаган: Рустам Көчөрбаев

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн