Нарын районуна карштуу Учкун айылында тарых сабагынан билим берген Токтосеитов Сүйөрбек агай Кыргыз Республикасынын призидентти Роза Отумбаеванын колунан ардак грамота алып келген. Ошондой эле агайдын мамалекеттик сыйлыктын ээси, эмгек сиңирген мугалим болгон.
Сүйөрбек агай мугалимдик кесиптин көп тармактарында эмгек сиңирген. Ошондой эле эки кесиптин ээси болгон, 1-аграном, 2-мугалимдик кесип. Бул туурасында Сүйөрбек агай мындайча баяндайт:
» Мен 1944-жылы 1-класска кирип, мектепти 1959-жылы Куланак айылынан бүтүргөм. Ак-Талаа районунда 11жыл завучтун милдетин аткардым. Андан соң Учкун айылына келип 4жыл директор болуп иштедим. Мектептеги тарых сабагына кызыккан окуучуларды олимпиядага алып барып, байгелүү орундарга жетишип келдик. Азыркы учурда ардактуу эс алуудамын,»-дейт Сүйөрбек агай.
Агай ардак грамотанын ээси болгонун аз гана мектеп окуучулары билет. Мектептеги мугалимдер Сүйөрбек агай жөнүндө эч нерсе айпайт деген окуучулар жок эмес.
» Мен агай жөнүндө тарых кабинеттинен гана өмүр баянын окуганда гана түшүндүм. Быйыл тарых жана маданият жылы болгондугуна карата биз классыбыз менен агайды чакырып кече өткөзуп агайды сүйүнтүп коёлу деп жатабыз,»-дейт Айдана Төлөгөн кызы.
Даярдаган: Гүлжигит Төлөбай уулу
Редактору: Бегимай Бекмуратова.
Сынак үчүн.