Баткен согушунун 17 жылдыгына карата Э.Токсобаев атындагы орто мектепте ок атуу боюнча 9-11-класстар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдеште Баткен согушунун ардагерлери калыстык кылып, женүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктарды берди
Мелдешке 9-11-класстардан жалпы алты бала алты кыз катышты. Ар бир класстан бир бала жана бир кыз өзүнүн классынын намысын коргоду.
Буга чейин класс аралык мелдештер болуп, мыктылар кийинки жогорку баскычка катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Мелдештин уюштуруучусу мектеп мугалими Бакыт Кайыпов бул мелдеш Баткен согушунда кайтыш болгондорго арналаарын айтат:
» Мелдешти уюштуруу максаты Баткен согушунун катышуучуларына жана ал жакта курман болгондорду эскерүү максатында уюштурулду. Биз ошол курман болгон жоокерлерди эскерип жүрүүбүз керек. Алар берген анттарын аткарып мекен үчүн жан берди. Бул мелдеш ошол курман болгон азаматтарга арналат»,- деди уюштуруучу.
Эң мыкты көрсөткүчтү Кемелгазы Болотбек уулу көрсөтө алды. Ал бутадагы «ондукка» таамай атып, ошонун арккасынан экинчи орунга илинди.
Таймаштын жеңүүчүсү балдар арасында 9-класстын окуучусу Рысбек Нурбек уулу болсо, кызар арасында 9-класстын окуучусу Айдай Адил кызы жеңүүчү боло алды.
Биринчи орунду алган Рысбек Нурбек уулу мындай жеңишти күтпөгөнүн айтты:
» Мен 11-класстарды жеңет го деп ойлогом. Себеби алар абдан күчтүү болчу. Буюрса кийинки мелдештерге катышам»,- дейт ал
Азыркы кезде Бакыт Кайыповдун ок атуу ийрими иштеп келет. Ок атуу ийримине 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышат.
Бакыт Кайыповдун айтымында бул мелдеш кийинки жылдары дагы уюштурулат.
Даярдаган: Тимурлан Асанакунов
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн