“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Баткен согушунун ардагерлери мектеп окуучулары менен жолукту

28 Октябрь 2016 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны: 131

 

dsc00573

Э.Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары менен Баткен согушунун катышуучулары 28-окябрда жолукту. Чогулушта окуучулар Баткенде 1999-2000-жылдары болуп өткөн согуш тууралуу кененирээк маалымат алып, өздөрүнүн кызыккан суроолорун беришти.

dsc00554

 

Чогулушка 11-класстын жалпы окуучулары катышты. Окуучуларга ардагерлер Баткендедеги согушка катышкан кыргыз жоокерлери, алардын эрдиктери тууралуу айтып берип, окуучуларды Мекенди коргоого чакырды.

dsc00566

Баткен согушунун Нарын облусстук ардагерлер кеңешинин төрагасы Эркинбек Шамыратов окуучуларды армияга барып кызмат өтөөгө, Баткен согушунда эл жерди коргоп курман болгон кыргыз жоокерлерин эстеп жүрүгүлө деди:

» Баткен согушун кээ бирөөлөр коогалаң деп атап жүрүшөт. Ал чоң жаңылыштык. Себеби бул эл-жерди коргогон чоң согуш. Бул согушту кыргыз армиясы туруштук берип жеңе алган. Керек болсо Өзбекстандын экс президенти Ислам Каримов дагы бул согушту жеңген кыргыз жигиттерине ыраазычылыгын билдирген. Кыргыздын армиясы азыр жакшы. Биздин душманды жок кылууга жетээрлик армиябыз бар»,- дейт согуштун ардагери.

Окуучулар чогулушта аскер адамдарына өздөрүнүн кызыккан суроолорун, Кыргыз армиясынын азыркы абалы тууралуу суроолорун беришти.

Ал эми чогулуштун катышуучусу 11-класстын окуучусу Каныбек Орозбек уулу төмөндөгүлөрдү айтып берди:

» Мен 2000 жылдары болгон Баткен окуясын коогалаң деп ойлочумун. Бирок бүгүн ал коогалаң эмес согуш экенин түшүндүм. Бул чогулуштан чынында көп нерсени угуп, көп нерсени түшүндүм»,- дейт ал

Эркинбек Шамыратовдун кошумчалаганына караганда Баткен согушунун катышуучуларына мамлекет тарабынан эч кандай жардамдар көрсөтүлбөй келет. Жардамдар Жергиликтүү бийлик тарабынан гана көрсөтүлүп келээрин айтты

Баткен согушуна жалпы кыргызстандан 5860 жоокер катышкан. Алардын ичинен согушта 89 адам кайтыш болгон. Нарын обласстынан 450 жоокер согушка барып тогузу  майдандан кайтпай калган.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн