Нарын районуна караштуу Учкун айылында күз келип, айлана сары түскө боело баштады. Бул мезгилде тоодогу малдар айылга келишип, жер-жемиштер, эгиндер жыйнала баштайт. Учурда эгиндер толугу менен жыйналып бүтүп, малдар жайлоодон эрте келди. Күз мезгили Учкундуктар үчүн кандай мааниде экендигин билуү үчүн суроолорду узаттык.



Гүлмира Жумашова, үй клжойкеси.
» Күз айында кырманың данга толот, үйүң нанга толот дегендей, быйылкы күз айы абдан берекелүү жана түшүмдүү болду. Мага төрт мезгилдин ичинен күз айы абдан жагат. Өткөн жылга караганда тоодогу малдар быйыл эрте келишти. Себеби түшүмдөр эрте жыйналды. Жаан-чачын көп болуп, малдар семиз болду»


Шайыркүл Тагаева, пенсионер.
«Учкун айылынын күз айы өзүнчө эле бир керемет. Кайсы мезгил болбосун жакшы эс алам, себеби ар бир мезгилдин өзүнчө касиети бар эмеспи. Азыр малдын семиз кези жана тойдун учуру. Күздүн эң жакшы берекеси бул мол түшүм. Кайсы үйгө кирсең эле түшүмдөр жайнап турат. Жалбырактар саргайып, айлана алтынга бөлөп койгондой сезилет. Куз күрөш дегендей, элдер түшүмун жыйнап жаткан учуру.»


Уста, Субан Оморов.
«Мен уйларды 200 сомдон, койлорду 25 сомдон бактырдым. Быйыл малдар семиз болду, себеби жаан-чачын көп болду. Мурдагы жылы деле малдын баасын ошондой бактырганбыз, быйыл да ошондой баада болду»
Өткөн жылда тургундардын айтымында кургакчылык болуп, түшүмдөр аз, малдар да арык болчу. Быйылкы жыл андай болгон жок түшүмдөр көп алынып, малдар семиз болду.
Даярдаган: Акылай Качик кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн