Нарын районуна карштуу Учкун айылында 2010-жылдан бери карагай тилүүчү пилорам иштеп келет. Аталган пилорам атайын ПРООН деген долбоордун негизинде ишке ашкан. Азыркы учурда пилорамда 5 киши иштетет.
Негизинен пилорам жай мезгилинде иштейт. Ал эми күз, кыш мезгилинде кардарлардын саны аз болот. Азыркы учурда пилорамды Элмурат Алиаскаров иштетип келет.
«Бул пилорам 2010-жылдан бери иштеп келет. Биз атайын ПРООН деген долбоордун негизинде ишке ашып азыркы учурга чейин иштетип жатам. Күнүнө 1-2 адам келип карайгайларын тилдирип турушат»,-дейт пилорамды иштетип жаткан Элмурат Алиаскаров.
Негизинен пилорам айылдагы чоң пилорамдардын катарында. Азыркы убакта айылдагы адамдардын көпчүлүгү Элмурат байкенин пилорамына келип тактайларын тилдиришет.
Пилорам негизинен сиркулярканын негизинде иштейт. Аталган пилорам аба-ырайына байланыштуу иштебей жатат.
Даярдаган: Бекмырза Бекмурат уулу, Баястан Жеңишбек уулу, Абаз Эркинбек уулу
Редактору: Бегимай Бекмуратова
Сынак үчүн