“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Кара-Ой айылындагы Бала бакчасынын абалы начар

8 Ноябрь 2016 жыл 8:50
Көрүүлөрдүн саны: 278

Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылындагы Бала бакчанын абалы начар жана балдардын ойноосуна бөлмөлөр жетишсиз. Азыркы учурда Бала бакчага 106 бала катталган . Күнүнө 97-98 бала келип тарбия алышат.

dsc00706

Бала бакчаны негизинен атайын долбоор менен жеңишип, кандайдыр бир себептер менен долбоордон бөлүп берилген каражат жок болуп калып мектептин бир бурчуна жайгашышкан.

dsc00726

Негизинен бала бакчада 6 бөлмө болгону менен  балдардын ойноосуна тардык кылат. Ошондой эле Бала бакчанын тарбиячылары жаңы эле Бала бакча курулса болмок экенин билдиришет.

dsc00715

“Мен Бала бакчада иштегениме 6жыл болду. Менин жумушум анча деле оор эмес. Бирок  бала баккан тарбиясылардын жумушу бир кыйла оор. Биздин Бала бакчанын ичинде жуунган, ойногон, тамактанган,  уктаган жерлери бүт ичинде болгондуктан балдарга бир топ эле тардык кылат. Ошондуктан жаңы эле Бала бакча салынса болмок”,-дейт Назгүл Назарбековна.

dsc00975

Бала бакчанын сырткы көрүнүшү кооз болгону менен ички көрүнүшү тар.

Бала бакчага келип турган айрым балдарга Бала бакча жагат жана ал жерге күндө баргылары келээрин мындайча баяндады.

img_3648

“Менин атым Элнур. Мага Бала бакча жагат. Мен күнүгө барчумун бирок жакында эле ооруп калып барбай калдым. Эми жакында барам”,-дейт Элнур Асанбекова.

Даярдаган: Баястан Жеңишбек уулу.

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчүн.