“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Тарых ийриминин жетекчиси окуучуларды Тайлак бейитке экскурсияга алып барды

8 Ноябрь 2016 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны: 158

Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылынын тарых сабагынан берген Тыным Асанбекова атайын тарых кружок ачып, Тайлак баатырга жана анын бир тууганы Атантайга арналып, 19-кылымдын 1-жарымында тургузулган кош күмбөзгө 11-класстын окуучуларын экскурсияга алып барды. 

4
Атлаган күмбөз Акталаа районундагы Куртка айылынын жанында жайгашып, жайында Тайлак баатырдын 220 жылдыгына картатта ондоп түзөөдөн өткөн. Ошого байланыштуу мектеп окуучулары экскурсияга барып жатышат.

img_20161025_153536

Тарых жана маданият жылында өтүүчү чо­ң иш-чаралардын бири — Тайлак баатырдын 220 жылдыгы болгондугуна байланыштуу тарых кружогунун жетекчиси Тыным Асанбекова окуучуларды Тайлак баатырдын күмбөзунө алып барып, ал жер менен тааныштырып чыкты.
img_20161025_153405

Экскурсияны жетектеген Тыным Асанбекова мындайча баяндады:
tynym

  1. » Кыргызстандагы күмбөз архитектурасынын мыкты үлгүлөрүнөн. Күмбөз орто кылымдагы диний архитектуранын салтында бышырылбаган жана чала бышкан кыштан салынган: кумпалуу бөлмөлөр бири-бири менен чакан эшик аркылуу байланышкан. Күмбөздүн  маңдай жак бети абдан кооздолуп, жогор жагын көздөй ичкерген колонналары бар. Күмбөз мамлекет көзөмөлгө алынган. 2002-жылы реставрацияланып, айланасы корулган. Күмбөзгө жакын жерде ушул эле типтеги башка күмбөздөр да бар,»-дейт Тыным Асанбекова.
    Окуучулар Тайлак баатырдын мүрзөсү менен таанышып, сүрөттөргө түшүштү.
    img_20161025_151834
    Даярдаган: Бекмырза Бекмурат уулу
    Редактору: Бегимай Бекмуратова
    Сынак үчүн